“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек- Суу айылында жаш уй булолорго турак- жай салууга жер жетишпей келет

10 Сентябрь 2014 жыл 17:19
Көрүүлөрдүн саны: 421

      турак жайга жер жетишпейт
Терек-Суу айылында эн орчундуу маселелердин бири жаш уй булоолорго турак-жай салганга жер жетишпей келет.Ушул маселенин айынан бир уйдо 3-4 уй-було чогуу жашаганга мажбур болушууда.Коп балалуу Нурчакан апа да балдары учун жер тилкесин ала албай келет.IMG-20140922-WA0005[1]Нурчакан апа:-«Айыл окмотунон жер сурагам,менин жети балам бар.Жети баламдын  учооно сураганбыз, айыл окмотуно арыз жаз деген экен,арыз жазып таштаган элек, ошондон бери жердин жыйынтыгы боло элек.Балдарым бир уйдо жашап жатышат».-Балдарыныз уйлонгонбу ?-«Балдарымдын учоо тен уйлонгон анан ошо уйдо эле болуп жатышат анан каяка барышмак эле жер болбогондон кийин,салынган уйу болбосо,шаарга  деле кетишкен жок» Ушул уйдо жашап жаткан Кумуш эже,Нурчакан апанын улуу келини.Ал озунон кичуу эки абысыны менен беш жылдан бери бир короодо жашап келет:-«Жалпысынан бир уйдо 13-14 адам жашайбыз.Менин 3 балам бар,андан кийинки кайнимдин 2 кызы бар,андан кийинкисинин 1 баласы  бар.Дагы кайненем-кайнатам бар,кайним бар ошо менен 13-14 адам жашайбыз бир уйдо».-Сиз учун абысындар менен жашоо оорчулук туудурбайбы?-«Ооба, ар кандай болот.Кээде бири-бирибиздин кылганыбызды бирибиз жактырбай калышыбыз мумкун,бирибиздин кыялыбыз бирибизге жакпай калат,балдарыбыз уруша кетет.Бир уйдо 13-14 адам жашаш аябай эле кыйынчылык туудурат»-дейт Кумуш эже.Терек-Суу айылындагы жер адиси Жолоков Турсунаалы Жолоковичтен турак-жай учун жер жетишсиз болгондугунун себебин сураганыбызда айыл окмотундо трансформациядан чыга элек 93 гектар жер бар экендигин жана 283 атуул кезекте тургандыгын айтты.» Окмот трансформация боюнча мыйзам иштеп чыкса, бул койгой чечилет деди».Даярдаган: Женишбекова Раушан