“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек -Суу айылында таза суу маселеси курч болууда

11 Сентябрь 2014 жыл 18:21
Көрүүлөрдүн саны: 43
      таза суу

Терек-Суу айылында 8 минге жакын калк жашаса, анын басымдуу бөлүгү таза  эмес суу ичишет жана бул көйгөй көптөн бери чечилбей келет. Таза суу маселеси боюнча айыл тургундары Козубеков Бакыт жана Чакиева Айгүл төмөндөгүлөргө токтолот:
«Таза суу проблемасы биздин айылда өтө курч турат. Мен өзүм айылдын башында жашайм. Жайдын күнү эптеп  сугат суу  менен суу ичип атабыз. Эми суу токтойт, суу түтүктөрүнөн чакалап суу ташымай башталат. Суунун башы ачык, мен өзүм да көрүп жүрөм. Ушул сууну ичүү балдарыбыздын, өзүбүздүн ден соолугубузга чоң коркунуч туудурат. Былтыркы жылдары балдарыбыз сарык болуп оорушту. Эми айла жоктон ичип атабыз».
«Менин көйгөйүм суу маселеси. Негизи биздин көчөдө эки эле суу түтүгү бар. Ошол жерде кезекке туруп суу алабыз, алган суубуз идиштин түбүнө ылай болуп тунуп калат.

Айыл тургундары эмне үчүн таза сууга жетпей келгендигин Кетмен-Дөбө айылдык аймагындагы Терек-Суу таза суу коомдук бирикмесинин башчысы:
«Суу  чын эле жетпей атат. Анткени бул 1987-жылдары бул кызмат өтөө мөөнөтүн аяктап, ошол убакта Сүйүн деген директор 100% акт жазып, жаңы проектисин чийдирген. Кийин ал киши  өз жерине кетип калды. Анан чоңдор ага кызыгышкан жок, ошол менен союз таркап кетип, иштелбей калып калды. Атайын фонддун төрагасы Терек-Суу айылынан Таалай Чотоевич болуп, 1,5 млн сом акча бөлүнүп берилди, тендер ойнотулду, жакында курулуш иштери башталат»-дейт Жумабаев Букун Жумабаевич.
Терек-Суу айылында таза суунун жетишсиздиги боюнча айыл өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө айыл башчы Назарбеков Тилек Мамаевич төмөндөгүлөргө токтолду:
«Айыл өкмөттүн деңгээлинде көп эле иш-чаралар жаз айынан баштап көрүлүп жатат. Жазында суунун баштарын, резервуарларды тазаладык. Эми мына атайын фонддон 1,5 млн сом акча бөлүнгөн. Бирок ал акча азырынча келе элек. Ошол келсе дагы таза суу боюнча көп иштерди пландаштырып турабыз».
«Таза суу-өмүр булагы»- дегендей айыл тургундарынын ден соолугуна жана жакшы жашоосуна толугу менен шарт түзүлөт деп ишенебиз.

Даярдаган: Эшенкул кызы Мырзагүл.