Терек-суу Айылында жаштар жумушсуздук себебинен Россияга кетуудо
Терек-суу айылында жумуш жоктугуна байланыштуу жаштар чет мамилекетке эмгек мигранты болуп чыгып кетишкен. Алардын кобу Россия мамлекетинде эмгектенишет.Чет мамлекетке чыгып кеткен жаштардын саны туралуу Терек-суу айылынын статист экономисти Солпиева Айтолкун озунун интервьюсунда жаштардын копчулугу эмгек мигранты болуп журот деп билдирди.
Кээ бир уй-булолуу жаштар балдарын ата-энесине калтырып кетууго мажбур болуп жатышат.Неберелерди тарбиялап жаткан 40 жаштагы Терек-суу айылынын тургуну Когурбаева Элиза эженин баласы жумушсуздуктан Россия жергесинде курулуш жаатында иштеп жаткандыгын айтып берди .
Россия жергесинде эмгектенип келген Тимурлан ал жакта документ даярдоодо, жумуш табууда жана айлык-акысын алууда болгон кыйынчылыктарын айтып берди.
Ал эми жаштар арасында жумушсуздукту жоюу боюнча Кетмен-Добо айыл аймагынын жаштар комитетинин торагасы, жаштар иштери жана спорт боюнча адиси Мырсырайымов Нурбек Койчумановичке кайрылганыбызда:
«Биз майрамдар сайын жаштар арасында спорттук оюндарды откоруп, жазгы убакта колунда жок жаш уй-булолорго айдоо жерге арендасын арзандатып беребиз», деди
Айылыбыздагы жаштар оз ишмердуулугу менен дыйканчылык, мал-чарбачылык жана чакан бизнес менен алектенсе боло тургандыгын дагы бир жолу айта кетели.
Даярдаган: Айгерим Анаркулова