“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек — Суу айылында электрондук китепкана өз ишин баштады

12 Сентябрь 2014 жыл 17:28
Көрүүлөрдүн саны: 51

Кетмен-Дөбө айыл аймагында караштуу Терек-суу жана Чон-арык айылдарында ПРООНдун ак-ниет башкаруунунун илгерилетуу долбоорунун негизинде электрондук китеп кана ачылды.
Жаны ачылган электрондук китепкана аркылуу жакшы мумкунчулуктор тузулду. Мурда издеген китептерибизди таба албай же эски болуп толук окууга мумкун болбой калган учурлар да болгон.
Учурда электрондук каталог аркылуу каалаган китептерибизди толук окууга оңой жана ошол эле жерден окубастан электрондук вариантын алып журууго мумкунчулук тузулду.
Терек-суу айыл аймагындагы 30-жылдан бери китепканада эмгектенген Акылай Меймановна мындай дейт.
» Электрондук китепкананын келиши менен маалымат алуу жана байланыш тармактары тездейт. Окурмандардын кызыгы артып,китепканага келген окурмандардын саны көбөйөт. Мурда алар аргасыздан эски китептерди окууга аргасыз болушкан,издеген китебин таба алышчу эмес. Эми бизге электрондук каталог жана интернет аркылуу маалымат табуу оной болуп калды.
image

Мындай жанылык айыл тургундарын суйунтуп жаткандыгын окуучулар да жашырган жок. Себеби электрондук китепкананын негизги окурмандары булар окуучулар. Мырзагул 11-классынын окуучусу. Ал оз оюн төмөнгудөй билдирди.
«Окуучулардын билимин тереңдетет жана олимпиадага даярданууда, рефераттарды жазууда чоң жеңилдиктерди келтирет».
Ачылган электрондук китепкана жеке эле окуучулар учун эмес, мугалимдер учун да чоң жанылык. Электрондук китепкана мугалимдердин ишин жеңилдетип, сабакка даярданууга чон жардамын тийгизет. Электрондук китепкананын билим беруудогу пайдасы жөнундө Терек-суу орто мектебинин англис тили мугалими Чакиева Айгул  мындайча токтолду:
» Ачык сабактарга, салтанаттуу линейкаларга, сабактарды пландоодо пайдасы чоң».

«Көп окуган — көптү билет» деп айтылгандай окурмандардын жакшы жаңылыгы менен куттуктап ийгилик каалайбыз.

      электрондук китепкана

Даярдаган Каленбаева Санавар