Терек-Суу айылынын тургуну Кудайбергенов Баяман көп жылдан бери “азис”(көзү көрбөгөн адам) оорусу менен жабыркап келет.
Мындай күчтүү ооруну 20 жылдан бери башынан өткөрүп келген Баяман байкебиздин жандүйнөсү таза карылыктын дөөлөтүнө бөлөнүп, өзүнүн акыл насаатын айтып эки кызын тарбиялап бойго жеткизген.
Баяман Кудайбергенов
— Пенсияга да убагында эки, үч жыл чыга албай жүрдум акча керек экен. Азыр таанышың жок болсо кыйын экен. Мына эми кудайга шүгүр пенсия алам, үйдө эле олтурам. Кыргызчылык менен алектенем. “Аллага” нааразычылыгым жок.
Бул оору менен аябай эле кыйналат эмеспи, бирок бул чоң сыноону буйруган аллага нааразычылыгы жок, кыйналуусуз жашап келгенин айтат, 20 жыл бою көз болуп келген жубайы Асанова Бактыкан эже күйөсүнүн оорусу жөнүндө кененирээк айта кетти.
Бактыкан эже
— Экөөбүздүн баш кошконубузга отуз жылдай болуп калды. 1982-жылы баш кошконбуз. Баары жакшы эле болчу шоопур болуп иштеп, талаа жумуштарына катышып, буудай суугаттарын суугарып жүргөн.
1994-жылдын бир күнү жакшынакай эле жумуштан келип үйдө эле олтурган, эртең менен эле жумушка барбайсыңбы десем менин көзүм тумандап көрбөй жатат деди.
Ошондон баштап 1996-жылдарга чейин үйгө олтуруп калды. Анан врачка көрүнсөк операцияга деп, 40 күн жатып чыктык эч тыянак чыккан жок. Мен өзүм пенсияга чыга элекмин. Колубузда малыбыз жок, жер иштетпейбиз. Догдурга көрсөтөйүн дейм шартыбыз жок.
Баардык жерге кайрылдым эч кандай жардам болгон жок.
Кыргызда “бай болуп көргөн жокмун, байкуш болуп өлгөн жокмун” дегендей Баяман байкебизге чын жүрөктөн ден-соолук жана сакайып кетишин каалайбыз.
Даярдаган: Каленбаева Санавар