“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Сарык оорусунан сактаналы!

20 Декабрь 2014 жыл 16:54
Көрүүлөрдүн саны: 18

Терек-Суу айылынын тургундары ноябрь айында сарык оорусу менен жабыркады. Бул оору боюнча Терек-Суу айылындагы №6 тобунун үй-бүлөлүк дарыгери Калия Дөөлотказиева төмөнкүлөрдү билдирди.
Буга чейин көбүнчө жаш балдар ооруду. Мектепке чейинки бала бакчага барган балдар да кезигип жатат,5-7 жашка чейинки балдар.

20141220_123422
Бул жугуштуу оору көбүнчө өздүк гигиенаны сактабагандан болот.
Мисалы; дааратканага баргандан кийин колду жууш керек.
Алдын алуусун көбүнчө өздүк гигиенаны сактап,дааратканага баргандан кийин колду таза самындап,мөмө-жемиштерди таза жууп,идиш-аякты таза пайдаланууга балдарды үйрөтүш керек.
Сарык оорусу менен жабыркаган 5-класстын окучуусу Бермет Тураалы кызы кабарчыбыз Айчүрөк Нурбек кызына төмөнкүлөрдү айтып берди.

DSC_0008
Мен бул оору менен көзүм саргайганынан чон апам көрүп калып,бери келчи деп көзүмдү караган.Сарык болуп калганымды ошондо билдим.Чон апам ооруканага алып барган.5-6 кун ооруканадан эмдөө алгам. Айыкпаганынан Токтогулга барып бир байкеге көрсөткөн,андан жакшы болуп кеткем.Бул оору мага кошуна баладан аба аркылуу жуккан.
Мен ооруп жатканда башым ооруп,жүрөгүм айланып,кускум келип баса албай калгам. Басканда боорум ооруп кыйналгам.
Биринчи байлык ден-соолук демекчи, ар бир жараанга ден-соолугу чын,кучтуу болуу учун ар бирибиз тазалыкты сактайлы.

      saryk-orusu2

Даярдагандар: Адина Байсалбекова,Айчүрөк Нурбек кызы,Кымбат Раманкулова.