1976-жылдары курулган Тере-Суу айылындагы таза суу түтүктөрү эскилиги жетип калгандыктан, айылга кирүүчү Арстанкул акенин сайынан суу түтүгү жарылды. Ошол себептен 11-марта кечке жалпы айылда суу болгон жок.
Бул маселе боюнча таза суу боюнча айыл башчы Т.Назарбеков: «Сүү түтүктөрү абдан эскирди, бул жер мурун дагы жарылган. Азыр колдон келишинче эски камуттар менен убактылуу жамап койдук. Дагы канчага чыдайт, канча жерден жарылат белгисиз. Сүү түтүктөрү учурда Терек-Суу айылында эң көйгөйлүү маселе. Мен бул маселени чечүү үчүн Айыл өкмөт башчыга билдирүү жазып жатам деди».
Урматтуу окурман «бир жеңден кол, бир жакадан баш» чыгарып , ар бирибиз колдон келген жардамыбызды аябай, таза суу ичели.
Даярдаган: «Акбакай » мультимедиялык борбору.