“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Бүгүн 2015-жыл 16-март, Токтогул шаарында Т.Сарпашевдин жана Н.Момуналиевдин катышуусундагы чогулуш өттү.

16 Март 2015 жыл 22:10
Көрүүлөрдүн саны: 44

Чогулуш  «Жалал -Абад облусундагы Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылын туруктуу өнүктүрүү боюнча КРнын Өкмөтүнүн  2015 -2020-жылдарга өнүктүрүү програмасы боюнча».
       Бул прогамма жалпы Токтогул районун камтып  өзүнүн алкагында: энергетика, жер,  суу,  жол, чакан жана орто бизнести колдо, айыл чарбасын өнүктүрүү ж.б. көйгөйлүү маселелерди чечүүгө багыталган эң сонун программа десек болот.

image

Программага Кетмен-Дөбө айыл аймагына багытталган төмөндөгү иш чаралар кирген.
— Терек-Суу, Чоң-Арык, Кырк-Казык айылдарына трансформаторлорду орнотуу.
— Терек-Суу айылына Ак-Булак суусунан буруучу каналды куруу.
— Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинин башталгыч класстарынын жаңы корпусун куруу.
— Чоң-Арык айылына бала бакча куруу.
— Терек-Суу айылында жайгашкан ооруканага тез жардам машинасын сатып алуу жана суу өткөрүүчү жана канализациялык системаны орнотуу.
— Терек-Суу айылынын таза суу түтүгүн реконструкциялоо.
— Чоң-Арык айылына клуб куруу.
— Кырк-Казык айылына кар көчкүнү өткөрүү үчүн 30км галерияны орнотуу.
— Токтогул— Беш-Таш (Кара-Күңгөйдөн, Токтогулга чейин) жолуна асфальт-бетон катмарын төшөп капиталдык оңдоо.
      Бул программа КРнын Өкмөтү тарабынан бекитилген. 2020-жылга чейин планда бекитилгендей  ишке ашат.

image

Программа боюнча толук маалыматы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн адистеринен алсаңыздар болот. 
  Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов