“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Жети айылды камсыз кылган набайкана.

14 Апрель 2015 жыл 12:15
Көрүүлөрдүн саны: 262

Терек-Суу  айылынын жеке ишкери Таалай Турдалиев Кыргыз элине улуу деп саналган нан азыктарын өзүнүн чакан «Алина» ишканасынан чыгарып Терек-Суу, Чоң-Арык ж.б. дагы 5 айылдын мектеп  окуучуларын тогуз жылдан бери камсыз кылып келүүдө.
«Алина» чакан ишканасынын технологу Дилдекан Кожокеева төмөнкүлөрдү айтып берди:
«Жеке ишкерликти 2006-жылы сентябрь айында баштаганбыз.
Ошондон бери иштеп келе жатабыз.Нан азыктарын чыгарабыз, нандын түрлөрү: булочка, кекс, коржик жана башка кондитердик азыктар.
         Биз төрт беш кишини алты жылдан бери иш менен камсыз кылабыз.Биздин өндүргөн азыктар менен жети айылдын мектептери камсыз болуп турат».

image

image

image

image

     «Алина» ишканасынан келген булочканын сапаты талапка жооп береби деп мектептин ашкана кызматкери Тамара Назаркуловадан төмөнкүлөрдү билдик:
«Ооба талапка жооп берет.Бизге ошо сертификаты бар текшерүүдөн өткөн  «Алина»чакан ишканасынан булочкалар  келип турат.Биз окуучуларга күнүнө ар түрдүү кылып берип турабыз кекс, коржик, булочка.
      Бизде медициналык китепчебиз бар, ар бир алты айда   ошодон өтүп турабыз.Санэпидемстанциядан келип текшерип турушат».

image

   4-класстын окуучусу Нурболот Жолдошбек уулу төмөнкүлөрдү айтып берди:
«Биз мектептен  булочка, кекс, коржик жеп сүт, чай ичебиз.
Мага жагат булочкалары абдан даамдуу».

image

     Биз «Алина» ишканасына кичинекей бөбөктөрдү сапаттуу нан азыктары менен камсыз кылып жатканына ыразычылыгыбызды билдирип,  ишине ийгилик каалап кетмекчибиз.

Даярдагандар: Айчүрөк Нурбек кызы жана Адина Байсалбекова.
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка».