“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

«Окуучулардын комузга болгон кызыгуусу «

15 Апрель 2015 жыл 18:14
Көрүүлөрдүн саны: 101

        № 12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинде окуучулардын талантын ачуу жана өнөр казынасына тартуу  максатында чакан ийримдер ачылган, алардын бири комуз ийрими. Бул ийрим мектептин маданият тармагына өз  салымын кошуп, ар кандай майрамдык кечелерде өз өнөрүн көрсөтүп келе жатат.
Кылым карыткан кыргыз күүлөрүнүн тарыхын эске салып,   көптөгөн окуучулардын комузда кол ойнотушуна көмөк көрсөткөн Самарбек Аскарбеков өз оюн билдирди:

image

     «Биз бул ийримге 5-класстан баштап кабыл алабыз,  себеби андан кичүү жаштагылар  комуз үйрөнүүдө  бир аз кыйынчылыктарды жаратуусу мүмкүн.Ал эми окуучулардын комузга болгон кызыгуусу абдан жакшы.Азыр 30га жакын окуучу үйрөнүп жатат.
Азыркы учурда көптөгөн күүлөрдү толук түрдө үйрөнүп калышты »
Ал эми 8-класстын окуучусу Дилдайым Сыргакова кичинекей кезинен тарта  комузга кызыгып, азыркы учурда комуз чертүүнү жакшы өздөштүрүп калганын айтат:

image

       «Мен комуз ийримине катышканыма 2 жылдын жүзү болду,  мен Токтогул Сатылганов атабыздын,  күүлөрүн үйрөндүм. Кичинекей кезимден эле комуз чертүүнү тилек кылчумун. Үйдө комуз жок болсо дагы, жыгачты комуз кылып ойночумун.Буйруса мен тилегиме жетип,  комуз  чертүүнү жакшы өздөштүрүп калдым. Келечекте улуу комузчу болгум келет».
Ал эми бул комуз ийримине болгон ата-энелердин көз карашы кандай болду экен?        Кыдырмаева Гүлмира неберелеринин комуз ийримине катышуусуна көмөк көрсөтөөрүн айтат:

image

   «Мектепте комуз ийриминин ачылышы абдан жакшы саамалык болду,  комуз деген бул кыргыздын улуттук  аспабы болуп саналат. Ар бир окуучу комуз чертүүнү үйрөнүүсү керек. Мен да каражат болсо неберелериме комуз сатып берип, бул ийримге катыштырам. «

      «Үч буроо жалгыз тээк үч кыл комуз,
Чертилбейт күүгө келбейт чебер колсуз.
Опоңой,  көргөн көзгө жөпжөнөкөй,
бирок да өнөрү бар айтып болгус «-деп айтылып ата бабаларыбыздан бери колдон колго өтүп келе жаткан, кыргыздын байлыгы болгон үч кыл комузубуз дагы да көптөгөн өнөр ээлеринин багын ачат деген терең ишенимдебиз.

Даярдагандар:  Мырзайым Кумарбек кызы, Турдубү Эркиналы кызы.
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынака «.