2015-жылдын 14-апрелинде Кетмен-Дөбө айылдык кеңешнинин ачык сессиясы болуп өттү.
Биринчи маселе малчылардын көчүп конуусу жана мал багуу акысы каралды.
Малчылар: Э.Мырзырайымов, А.Сыргабаев ж.б малчылар «элдин мал багуу акысын күздө беришерин, өлгөн, жоголгон малдардын ордун төлөп беришерин айтып, мал багуу акысы жандык малга 50 сом бодо малга 350 сом туура деп ойлорун айтышты. Ошондой эле жазында 15-апрелде көчүп кетип, күзүндө 1-октябрда кыштоого алыскы жайыттардан көчүп келүү туура болорун билдиришти».
Мал багуу акысы боюнча ар кандай талаш тартыштар болду.
Айыл өкмөт башчысы, С.Дженалиев: «мал багуу акысы мыйзамдын негизинде малчы менен мал кошкон адамдын ортосунда келишимдин негизинде болорун айтты».
Талаш тартыштын жыйынтыгы менен малчылардын көчүп кетүүсү 15-апрелге, ал эми көчүп келүүсү Терек-Суу 5-октябрга, Чоң-Арык 15-октябрга белгиленип: Токтом кабыл алынды.
Экинчи маселе боюнча жергиликтүү бюджеттин долбоору 2.5млн сомго бекитилди.
Үчүнчү маселеге жайыт коюлуп, жарыш сөзгө чыккан мал багуучулар: «Терек участкасына Токтогул завхозунун бир коро малы жайылып жаткандыгын, малды биздин учетубузда турган Жоробековдор багарын жана жайыт акысын төлөбөгөндүгүн, малдары жайытты жаз күз жеп кетип жаткандарын айтып, жайыт комитетинин көзөмөлгө алышын суранышты».
Жогорудагы маселе боюнча атайын комиссия түзүлүп жеринен чечип бермей болду. Жайыт комитетинин сунушу менен жайыт акысын мал башына чогултуп берүү жагы малчыларга милдеттендирилди.
Жайкы мал санакты саноого айылдык кеңештин депутаттарынан кошулуп комиссия түзүлдү.
Ж.б маселелердин чечилиши боюнча толук маалыматты айыл өкмөттүн жооптуу катчысынан алсаңыздар болот.
Даярдаган: Н.Мырсырайымов