“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу: Мектепте Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленди

16 Апрель 2015 жыл 9:52
Көрүүлөрдүн саны: 151

Адабият дүйнөсүндө акындардын алпы болгон Алыкул Осмонов быйыл 100 жашта. Кыргыз журтчулугуна өлбөс, өчпөс таланты менен из калтырган, «жаратканга миң мертебе калп айтса да, ырына бир мертебе калп айтпаган» акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата ар кандай иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинде Алыкул Осмоновго арналган «Ырга айланган өмүр» аттуу поэзиялык кече уюштурулду.

Уюштуруучу мектеп мугалими Кенжекан Аматбекова:

«Алыкул Осмонов кыргыз элинин улуу акыны болгондуктан анын басып өткөн жолун кийинки муундар, замандаштары мамлекеттик деңгээлде эскерип жатышат. Мына ошол акындардын генийи болгон Алыкул Осмоновдун ырлары мектептерде сабак катары өткөрүлөт. Биз дагы Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесине арнап, 9-класстын окуучуларынын жардамы менен «Ырга айланган өмүр «аттуу поэзиялык кече өткөрдүк. Ал кечеде Алыкул менен ажалдын ортосундагы кармашты окуучулар сахналаштырып беришти. Алыкул Осмоновго арналган «ыр сабындагы өмүр» поэзиялык кечебиздин бирден бир максаты Алыкулдун чыгармаларын, окуучулардын аң сезимине, жүрөгүнө жакындатып, тарбиялык маанисин ошол кечеде айтып бере алдык деп ойлойм», — деп бөлүштү.

image

Кечеде окуучулар, Алыкул менен ажалдын ортосундагы кармашты мыкты деңгээлде аткарышып, көптөгөн көрөрмандардын купулуна толушту. Алыкулдун образын жараткан Керим уулу Өмүркан «эң мыкты аткаруучу» деген ардак громата менен сыйланды:

«Быйыл биздин мектепте Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата «ырга айланган өмүр» аттуу кече болду. Анда мен Алыкулдун образын жараттым. Алыкул Осмоновдун образын жаратуу мен үчүн өтө кыйын болду. Бирок Алыкулдун образын жаратуу бул мен үчүн сыймык», — деди Өмүркан.

image

«Чыныгы талант өзүнө өмүр бою нааразы болуп жүрүп өтөт» демекчи, бир чети мүлдө кыргыз көтөрө алгыс ыр килемин кирпик менен согуп, баардыгынан танып ырдан танбаган Алыкул да, поэзиянын түпсүз терең көлүндө чабак уруп олтуруп, стол үстүндө, ыр жазган калыбында, бар болгону 35 жаш курагын гана өткөргөн окшобойбу… Өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган Осмоновду эскербей койууга акыбыз жок.

Даярдагандар: Мырзайым Кумарбек кызы, Турдубү Эркиналы кызы

«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынака»