“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

«Айылда жаштардын эс алуусуна көңүл бурулууда»

23 Май 2015 жыл 17:18
Көрүүлөрдүн саны: 168

20150523_110138[1]

«Өлкөңдү өссүн десең жаштарга жол ачып бер» дегендей, Терек- Суу айылынын жаштар уюму да айыл тургундарын кубанта турган жакшы саамалык баштады. Айыл өкмөттүн күн чыгыш тарабында жайгашкан 1 гектар 35 чарчы метр жерди жер адистери жаштар паркын ачууга бөлүп беришти.

IMG_20150524_092915[1]

Бул тууралуу жаштар комитетинин төрагасы Нурбек Мырсыраимов мындайча маалымдады:
“ Ушул биз Терек-Суу айылынын жаштары чогулуп өкмөткө кайрылуу жасаганбыз. Бул айыл өкмөттүн күн чыгыш тарабындагы жерди жаштар паркын ачууга бөлүштүрүп бериниз деп кайрылганбыз. Кайрылуунун негизинде жер адистери токтом чыгарып жер бөлүштүрүп беришти. Буйруса биз азыр жаштар чогулуп акция жүргүзүп, куурап калган бактарды тазалап, айланасын тосуп, көмөктөшөбүз деген адамдар чыгып жатат. Буйруса бул жумуш аткарылат , экинчи чон көмөк көрсөткөн айыл башчысы Дженалиев Советбек агай. Ал эл аралык уюмдарга, проект жазганга колдоо көргөзүп жатат. Биз дагы көмөктөшүп ошол проект менен бүтүрүп алабыз деген ишеничтемин. Быйыл 2015-жылдын күз айларында көчөттөр отургузулуп, скамейка жана башкалар орнотулат деген ойдомун.
Ал эми бул парктын жасалышына айыл жаштары кубанычта.

20150522_165022[1]

Аймира Чотоева жаштар паркы тууралуу өз оюн мындай билдирди:
“Жакында ачыла турган парк жаштар үчүн абдан жакшы, ичине баардык шарттар түзүлүп, скамейкалар орнотулса, жаштар үчүн эң ыңгайлуу жана дагы ачыла турган бул эс алуучу жайга абдан кубанычтабыз”.

20150523_110349[1]

Айыл тургуну Токон Мырзабеков жаштар паркы курулса,айыл жаштарына ыңгайлуу болмок деген ойдо:
“Терек-Суу айылына ачылып жаткан парк жаштар үчүн эң ыңгайлуу,ушул жерге эс алып, көлөкөлөп эс алышса айыл үчүн жакшы саамалык болот”.
Ал эми жаштар уюмуна ыраазычылык билдирүү менен бирге, дагы көптөгөн иш-чараларды алып баруусуна тилектешпиз.

      jashtardyn-es-aluusuna-konul-buruluuda

Даярдаган: Мырзайым Кумарбек кызы
Турдубү Эркиналы кызы

КЛООПтун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка