“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек — Суу айылында кызамык оорусу күч алууда

23 Май 2015 жыл 18:19
Көрүүлөрдүн саны: 18

Терек-суу айылында кызамык оорусу куч алууда.

корь

Бул тууралуу №6 тобунун үй- бүлөлүк дарыгери Калия Дөөлөтказиева кызамык оорусу тууралуу жана кантип сактаныштын жолдорун түшүндүрдү:

Exif_JPEG_420
“Кызамык оорусун таркатпаш үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздүк,эмдөө иштерин жүргүздүк. Ооруп калган адам болсо аны изоляция кылып коомдук жерге барбашын түшүңдүрүп баштадык. Азыркы мезгилде ооруган адам жок, бирок ар бир ай сайын 10-15 тен адам ооруп жаткан. Февраль март айында ооругандар көп болду. Бул оорудан сактануу үчүн биринчиден эмдөө алыш керек, балдарды бир жашында эмдейбиз андан кийин алты жашында эмдейбиз. Кызамыктын эпидемиясы болуп жаткандыгы үчүн биздин мамлекет көптөгөн акчаларды чыгымдап, вакцина алып келген. Бизде болсо вакцинациянын экинчи этабы жүрүп жатат, бир жаштан жыйырма жашка чейин жана 50 жашка чейинки иштеген адамдарды вакцинация кылып жатабыз”.

20150523_095031
Кызамык оорусу менен жабыркаган 10-класстын окуучусу Мээрим Бакытбекова ооругандыгы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.
“Биринчи башым ооруду анан бетиме кызарып чыкты анан бүттүк денеме чыгып кетти. Дарыландым азыр өзүмдү жакшы сезип калдым”.
Ден-соолук өмүрдүн булагы демекчи элибиздин ар кандай оору- сыркоолордон алыс жүрүшүнө тилектешпиз.

      kyzamyk_oorusu_kuch_aluuda

Даярдагандар: Айчүрөк Нурбек кызы, Адина Байсалбекова.

КЛООПтун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка