“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Окуучулар арасында көркөм окуу болуп өттү

24 Май 2015 жыл 10:28
Көрүүлөрдүн саны: 36

Окуучулар арасында көркөм окуу болуп өттү.Курама уулу Турусбек мектебинде Улуу Жеништин 70 жылына арналып,көркөм окуу боюнча сынак жарыяланды.

image

Кыргыз тили жана адабият мугалими Кенжекан Аматбекова төмөнкүлөрдү билдирди:

image

«Балдарды Ата Мекенди сүйүүгө улуу биздин ардагерибиз, баатырларыбыз бизге жакшынакай тынчтыкты алып келген аталарга таазим этүү максатында биз ушул конкурсту окуучулар арасында уюштурдук. Бул сынакка алдыңкы окуучулары активдүү катышып, эң мыкты ырларды көркөм айтышты. Бул салтка айланып калган анткени, жылда концерттик программада өтүлүп, мектепке ардагерлерди чакырып тегерек столдун үстүндө маек куруп турабыз».

image

Көркөм окууга өз жөндөмдүүлүгүн сыноо максатында катышкан 9-класстын окуучусу Мырзагүл Райымберди кызы сынактын жүрүшү тууралуу айтып берди:
«Мурдатан бери эле мектеп арасында айтылып келе жаткан, андан кийин бул тууралуу жарлыгы илинди. Мурун катышсамбы деп жүргөм кийинирээк чечимимди бекитип катышып калдым. Мен бул сынакта Түгөлбай Казаковдун калемине таандык ырларды обонго салып, көркөм айттым».

image

«Билеги күчтүү бирди жыгат,
Билими күчтүү миңди жыгат» демекчи көркөм окуу сынагына катышкан окуучуларга ийгилик каалайбыз, мындай сынак көп болушуна тилектешпиз.

      korkom_okuu

Даярдаган:Адина Байсалбекова
Айчүрөк Нурбек кызы
КЛООПтун журналистика мектебине катышуу сынагы үчүн.