“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

«Терек-Суу city» кафеси ачылды

24 Май 2015 жыл 11:46
Көрүүлөрдүн саны: 54

 

image

Терек —  Суу айылына өзүнүн чоң салымын кошкон  айылыбыздын тургуну Тынчтык Акимбаев  «Терек — Суу city» аталышындагы кафесин ачты.

Кафе тууралуу Тынчтык Акимбаевдин жубайы Сырга  Токоева кененирээк айтып берди:
«Биздин эң негизги максат элге кызмат кылуу, элди тейлөө. Ушул айылда жок нерсени кылуу, айылды көтөрүү.

image

-Кафеде кандай тамактар жасалат?
— » Рекламада жазылгандай эле биринчиден улуттук тамак аштар эң негизгиси  ысык нан менен ысык самсы кундө болот. Калган күндөрү  банкет менен гана заказ алабыз».
— Канча адамды жумуш  менен камсыз кыласыздар?
Азыркы учурда кухняда 3 адам, нан жапкан бала менен 4 адам иштейт, сыртта 2 кыз элди тээлейт.

image

Кафенин даамдуу тамак аштарын даамдап көрүү үчүн  кардар болуп келген Нурайым Жумагулова төмөнкүлөрдү айтып берди:
-Тамагыңыз таттуу болсун! Терек суу  кафесинин тейлөө кызматы сизге жактыбы?
«Албетте  биздин  айылда  «Терек суу city» жана Алина кафелери ачылып, Терек- Суу айылы үчүн чоң жетишкендиктер болуп атат.
Мен бул жерге 2-3 жолу келдим аябай жакшы көп адамдар агылып келип жатышат элдин маанайы да абдан жакшы,тейлеген кыздар да абдан жакшы тейлеп атышат, таза, көңүлүң ачылат».

image

«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат»,  демекчи Тынчтык Акимбаев мырзага мындан ары да кафесин өнүктүрүшүнө тилектешпиз.

      terek-suu-sity-kafesi-achyldy

Даярдагандар:   Адина Байсалбекова,  Айчүрөк Нурбек кызы

КЛООПтун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка