Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Чоң-Арык айылында химия мугалими жоктугуна байланыштуу быйыл окуучулар бул сабакты окуй алышпайт. Мектеп директору кийинки окуу жылына химия мугалими келип калат, деп ишендирди.
Чоң-Арык айылындагы Коргол Досуев орто мектебинин директору Базарбек Раманкулов бюджеттик негизде жогорку окуу жайда окуп жаткан айылдашы окуусун аяктаса, келип мектеп окуучуларына сабак өтүлө баштаарын айтат.
“Биз азыркы учурда караштырып жатабыз. Мен азыр Токтогулга азыр ошол маселе боюнча кетип жатам. Эгер [райондо] химия мугалими бар болсо, убактылуу алып турушубуз керек. Ошол себептен бир балабызды окутуп жатабыз. Кудай буйруса, эмдиги жылы келип калат. Быйыл сырттан окууга которул десек болбой жатат”, — деп токтолду мектеп директору.
Эгерде жаңы химия мугалими табылып калса, ага эч кандай артыкчылык берилбей эле, кадимкидей эле айлык бөлүнөөрүн кошумчалады ал.
Директор айткандай, өтүлбөй калган сабактар кошумча өтүлмөкчү.
Мектептин 8-классынын окуучусу Бибарс Дөөлөтбеков дарыгер болууну самайт. Бибарс химия сабагын окуу үчүн эми коңшу айылдарга да барып окууга даяр.
“Мен биринчиден дарыгер болойун дегем. Дарыгер болууга химия сабагы абдан керек болот. Бирок тилекке каршы химия сабагы өтүлбөйт. Мен химия мугалими жок башка мектепке болсо дагы окушум керек”, — деди Дөөлөтбеков.
Даярдагандар: Айгерим Жылдызбекова, Сыймык Алымбек уулу