“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу: Мектеп өзүнүн бирдиктүү формасын аныктады

18 Сентябрь 2015 жыл 13:39
Көрүүлөрдүн саны: 35

IMG_20150918_113156

Билим берүү министрлиги бекиткен бирдиктүү мектеп формасына Терек-Суудагы ата-энелердин каршылыгынан улам окуучуларга мектеп өзү форма тандады. Ал – кыздар үчүн форма фартук, балдарга кара шым, ак көйнөк.

Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинин директору Үсөн Момункулов быйыл бирдиктүү форма бардык жерде толук түрдө киргизилбей калгандыктан мурунку форманы кийүүгө уруксат берилгендигин айтты.

IMG_20150917_140558

“Биздин мектепте көп жылдан бери өзүнүн бирдиктүү формасы бар. Азыр окуучулар баардыгы тегиз ошол формада мектепке келишет. Бул жаңы заказ берилип жаткан окуучулардын формасы эмдиги жылы пландаштырып жатабыз. Кийинки жылы ошол формага тегиз өтүүгө аракет кылабыз”, — деп билдирди мектеп директору Момункулов.

Окуучулардын ата-энелери болсо мектеп формасы боюнча ар кандай пикирде. Айрымдары мектеп формасы өлкөнүн мектептеринде кийилип калса, анда алар да балдарына форманы сатып алып берээрин айтышты.

“Эгерде Кыргыздардын бардык мектептери ошол форманы кийсе, анда көз карашым түз эле”, — деди айыл тургуну Назгүл Шакирова.

IMG_20150917_140124

Дагы бир айылдын жашоочусу Гүлмира Аширалиева болсо иштебеген ата-энелер форманы алып берүүдө кыйналып калуусу мүмкүн дейт. Бирок иштеген ата-энелердин баары эле форманы алып бере алат деген пикирге кошулбайт.

“Менин, мисалы, айлыгым 10 миң сом болсо, мага деле форма алып бериш оор болуп калат”, — деди Аширалиева.

Аталган мектептин кыргыз адабияты мугалими Дамира Коңурбаева окуучулардын бирдиктүү форма кийүүсүнө каршы эмес. Бирок ошол эле убакта ал мурунку мектеп формасын жактырат.

“Окуучулардын бирдиктүү мектеп формасын кийүүсү жакшы көрүнүш . Быйылкы чыккан мектеп формасы сапаты жакшы эмес экен. Бирок акчасы кымбат болуп жатат. Ошого байланыштуу көпчүлүк ата-энелер мектеп формасын алып бере алышкан жок. Мага [жаңы бирдиктүү формага караганда] мурунку форма жакшы көрүнөт”, — деген ою менен бөлүштү ал.

IMG_20150917_133722

Мектептин 7-классынын окуучусу Гүлиза Рысбек кызы жаңы форма жакпагандыгын айтты. Ал эми ошол эле класстын дагы бир окуучусу Низами Айтымбетов жаңы форманы жакканын билдирди.

“Мага бирдиктүү мектеп формасы жакты. Ата-энеме да жаккан. Мектепте бул бирдиктүү форман кабыл алынган жок”, — деди Айтымбетов.

Даярдагандар: Луиза Айтымбетова, Сирена Акжолтоева, Гүлкайыр Коёнова