“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Сууда быйыл картошканын түшүмү аз болду

18 Сентябрь 2015 жыл 14:18
Көрүүлөрдүн саны: 21

 1 (1)

Быйыл Терек-Сууда күн ысып, кургакчыл болгонуна байланыштуу картошканын түшүмү аз болду. Мындан улам көптөгөн дыйкандар мээнети акталбай калгандыгын айтышты.

Терек-Суулук дыйкан Расилкан Наралиев жазда эккен картошкасынан ойдогудай түшүм ала албай калган. Анын үстүнө картошканын баасы да төмөн болуп жатканын айтат.

“Суу жылдагыдай жетиштүү эмес. Күндүн ысыгынан жер бат кургап картошканын түшүмү аз болуп калды. Он сомдон ордунан сата албай жатабыз. Дыйкандар мындан кантип пайда көрсүн?”, — деп суроо салат.

Анын айтымында, жазда уруктук картошканы 35 сомдон сатып алышкан. Аны кайра 11 сомдон шаарга алып барып сатуу бир топ ыңгайсыздык жаратат.

“Камазга да акча төлөш керек да. Ошондуктан акча өзүнөн ашпай калды”, — деди Наралиев.

Терек-Сууда былтыр жайда күн ысыган эмес жана жаан-чачын көп болуп турган. Мындан улам былтыр түшүм жакшы болгон, быйыл күз болуп турсадагы эч жаан жаган жок экендигин билдирди дыйкан.

Анаркан Эгенбердиева айылда картошка соодасы менен алектенет. Ал картошканы сегиз сомдон сатып алып, он сомдон сатат.

1 (2)

“Көбүрөөк пайда көрүш үчүн  картошканы тонналап алып сатабыз. Ошондо бизге көбүрөөк  пайда түшөт. Көрүнүшү начар болуп калгандыктан жакшы өтпөй жатат. Биз пайда көргөн жокпуз”, — дейт соодагер Эгенбердиева.

 Даярдагандар: Нагима Уланбек кызы, Мырзайым Мээримбек кызы