“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Сууда жаңы дарыкана салынууда

20 Октябрь 2015 жыл 17:00
Көрүүлөрдүн саны: 52

image

Токтогул районунун Терек-Суу айылында дагы бир дарыкана ачылууда. Башка дарыканалардан айырмаланып бул мекеме 24 саат кызмат көрсөтсө, дешет тургундар.

Гүлмира Мырзакеримова айылда ачылып жаткан дарыкананын ээси. Анын айтымында, бул өкмөттүк деңгээлде ачылып жаткан дарыкана.

Аны «Неман-Фарм» фирмасы тендерден утуп алган. Эми бул дарыкананын кызматкерлери ушул фирма менен иштешебиз дейт.

«Бул дарыкана 2008–жылы ачылган. Ошол жылдан бери иштеп келе жатабыз. Айыл жергесин арзан дары менен камсыз кылыш керек болуп, өкмөт деңгээлинде ачылган дарыкана», — деп билдирди Мырзакеримова.

image

Терек-Суудагы дарыкана кызматкерлери ар үч жылда окуудан өтүп турушаарын айтат дарыканачы.

«Ар бир айылдан мед кызматкерлерди бирден чогултуп окуткан. Азыр ар бир үч жылда окуп турабыз. Бул жаңы дарыкана «Неман» фирмасы менен иштейбиз деген оюбуз бар», — деген оюн кошумчалады ал.

«Эгерде 24 саат иштеген дарыкана болсо элге да жакшы болмок. Сапаттуу дары менен элдерди камсыз кылалы деген аракет» Гүлмира Мырзакеримова, дарыкананын башчысы.

Айыл тургуну Кылымжан Бекташова Терек-Сууда мындай дарыкана алгачкылардан болуп ачылып жатат дейт.

«Бул бизге абдан ыңгайлуу болду. Мындай чоң дарыкана биздин айылда биринчи салынып жатат. Биз азыр бир нече майда дарыканалар менен камсыз болуп турабыз. Жаңы дарыкананын ээлерине ыраазычылык билдирип кетебиз», – деди ал.

image

«24 саат иштегендиги мага абдан жакты. Дарыкана ачкан адамдарга эл үчүн иштегендигине чоң рахмат», – деген оюн айтат дагы бир айыл тургуну Кубат Бакытов.

image

Даярдагандар: Сирена Акжолтоева, Гүлкайыр Коёнова.

Сынак үчүн