“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек–Суу: Жумасына бир болуучу базар

20 Октябрь 2015 жыл 17:03
Көрүүлөрдүн саны: 26

Базардын тазалыгы сатып алуучуларга жакпайт.

Сатуучу Гүлбайра Өмүрбаева базардын таза экендигин айтып кетти:
«Бул базардын таштандыларын базарком тазалап кетет. Бул жерде андай деле таштанды калбайт. Менимче базар таза эле. Биз зборду төлөп турабыз»–деди Гүлбайра Өмүрбаева.

image

Токтогул районунан сатуучу болуп келген Гүлзада Үмөтова тазалык жөнүндө айта кетти:
«Мен Токтогул районунан Терек–Суу айылына соода кылганы келдим. Мен үчүн келип кетүү кыйынчылык эмес. Мага базардагы тазалык жагат. Таза соода кылып жатабыз. Таштанды салганга атайын идиш берилет»– деп маек бере кетти.

image

Сатып алуучу Салима Бузукеевага базардын тазалыгы жакпаганын айтты:
«Мага базардын тазалыгы жакпайт. Таштандылар ар жерде жатат, базар ирээтсиз. Ошол себептен базарком таштанды салганга идиштерди койуш керек»–дейт айыл тургуну.

image

Аткарган: Сирена Акжолтоева, Гүлкайыр Коёнова.