“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылында «Terek-Suu Revolution» атындагы интернет-клуб ачылды

24 Ноябрь 2015 жыл 21:17
Көрүүлөрдүн саны: 62

Терек-Суу айылында «Terek-Suu Revolution» атындагы интернет-клуб ачылды. Бул клуб боюнча ата-энелердин ою каршы. Бирок балдарга бул оюн абдан кызык.

«Terek-Suu Revolution» атындагы интернет-клубдун  жетекчиси  Кенже Баатырбекова:» Биздин айылда компьютердик оюндарга балдар кызыгышат , айылда балдар кызыга турган эч нерсе жок болгондуктан бул интернет-клубду ачтык. Бизде эки компьютер, эки playstation бар, саатына 50-60 сомдон ойношот. Ойногонго күнүнө 10-15 бала келет»-деп билдирди.

IMG_20151120_112543

9-б класстын окуучусу Нуржан Куштарбеков:» Ооба биз досторубуз менен күнүгө келип ойноп кетебиз. Бул жер жаңы эле ачылды, аябай жакшы оюндар бар экен. Бизге жаккан учун күнүгө келип ойноп, баасы да арзан экен. Мага аябай жакты»-деп айтты.

IMG_20151120_113355

Терек-Суу айылынын тургуну Назгүл Буканбекова ата эне катары төмөнкүлөрдү айтты:» Менин балам компьютердик оюндарга кээде эле барбаса көбүнчө барбайт,  анткени мектептен, жана үй жумуштарынан барганга убактысы болбойт. Негизи мен балдардын компьютердик оюндарга баруусуна каршы көз караштамын, үй -булөөлук каражаттан акча коротуп анан убакытты алгандан башка пайдасы жок.

IMG_20151124_170825

IMG_20151120_112623

 

IMG_20151120_112635

 

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

Сынак учун