Терек-Суу айылында окуучулар жана айыл өкмөт арасында дил маек болуп өттү. Бул дил маекте айыл өкмөт окуучулардын ар бир суроосуна так жана туура жооп берди.
Бул дил маектин кандай өтүшү тууралуу айыл өкмөт башчысы Советбек Джээналиевич төмөнкүлөрдү айтты:» Дил маектин окуучуларга болгон тарбиясы бар мында тажырбиялуу адамдардан үлгү алат деп ойлойм. Оргиналдуу суроо жанагы логикалык жети энеңди айтып бериниз деген суроо болду.
Мектеп окуучусу Мунара Бакытбекова өз ойлору менен бөлүштү: » Ооба мага абдан жакты дил маек. Ошондой эле сен айткандай аябай канаттандыраарлык жана ошондой эле туура жооп берди деп ойлойм. Жогорудагы кыздар айтып кеткендей эле агай баардык нерсеге алдын-ала айтып берди. Менин оюмча агайдын кругазору кенен өзү айткандай эле абдан интелегент адам экени көрүнуп турат. Баардык нерсеге кызыккан жана баардык нерсени алдын-ала билген адам экенине көзүм жетти».