“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Вич СПИД күнүнө карата айылдар арасында конкурс болуп өттү

4 Декабрь 2015 жыл 23:15
Көрүүлөрдүн саны: 86

Терек_Суу айылында Вич СПИДке каршы айылдар арасында конкурс болуп өтту. Бул конкурска Терек-Суу жана Чолпон-Ата айыл өкмөттөрүнөн беш айыл катышты.

20151202_125900

Бул конкурста калыстар тобунун мүчөсу Токтогул райондук мамлекеттик администраторунун башчысынын орун басары Айна Нават кызы төмөнкүлөрдү билдирди:» Биз бул таймашты буга чейин дагы ушул регион боюнча ар бир айыл өкмөттөгү мектептер ортосунда өткөрүп келебиз. Быйыл Терек-Суу, Чолпон-Ата айыл өкмөттөрүндө мектептер ортосунда таймашты биз жарыялаганбыз анан райондук мамлекет администрациясы менен райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер болуп ден-соолук комитети аркылуу райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте ушул иш-чараны  уюштуруп жатабыз. Эми бул жерде беш мектептин окуучуларынын таймашы болуп өттү. Бул жерде мен өзүмдун оюм боюнча мисалы конкурс аркылуу көрүүчулөр мектеп окуучулары толук тарбиялык маанини алган жок, себеби берилген үй тапшырма, суроо жооптордо дагы ушул Вич СПИДине жүгүзүүнун жана алдын алуунун толук маалыматтары, интермедиялары да толук чагылдырылгын жок.  Мен жана сөзүмдө да айтып кеттим эмне демекпиз коомчулука мына окуучуларга биз алдын ала кийинки турмушу үчүн биз эң биринчи билим аркылуу ага кенири маалымат керек. Себеби балдардын эртеңки күнү чет өлкөлөргө чыкканда бул маалыматы бар болгондон кийин бул адам өзүнүн ден-соолугун алдын алат деп ойлойм. Бул жерде баардык командалардыкы бири-бириникине окшош болуп жатты».

Бул конкурстун катышуучусу Чолпон-Ата айыл аймагынан келген Зейнеп Чолпонбай кызы төмөнкүлөрдү айтты:» Бул таймашта биз элге азыркы учурда болуп жаткан СПИД оруусу тууралуу маалымат бердик. Биз окуучуларга толук эле маалымат бере алдык деп ойлойм».

Ал эми Терек-Суу айыл аймагынын катышуучусу Бегимай Анарбекова:» Бул таймашта албетте биздин командабыздын өзүнүн деңгээлин көргөзкүбүз келди жана дагы командабыз мыкты көргөздү деп ойлойм. Биз окуучуларга СПИД тууралуу толук маалымат бере алдык деп ойлойм. СПИД мене орууган адамдарга эч качан жашоодон үмүтүн үзбөө жана дагы Вич инфекциясы менен жыйырма жылга чейин жашаса болот. Эч качан жашоодон үмүтүн үзбөй алдыга умтулуусу керек»- деп билдирди.

20151202_135650

Терек-Суу айылынын окуучусу Кенжайым Смайыл кызы төмөнкүлөрдү айтты:» Биз бул конкурста СПИД боюнча кененирээк маалымат ала алдык. Буга чейин СПИД кандай жол аркылуу жугат экенин билчү эмеспиз аз эле окуучулар билиши мүмкүн. Ушул СПИДке алдын ала чара көрүүну үйрөндүк».

IMG_20151204_171907

Терек-Суу айылынын окуучусу Конушбек Эрмекбай уулу:» Тарбия алдык эки жакты көруп катышкандарды көрүп мындай жоруктарга барбаш керек экендигин билдик. Бул конкурс абдан жакты бир гана жери экинчи программасы жакпай калды»- деп билдирди.

20151202_141206

Бул конкурста Чолпон-Ата айыл өкмөтү жеңип ал эми Терек-Суу айыл аймагы экинчи орунду ээледи.

Даярдагандар; Сирена Акжолтоева, Гулкайыр Коёнова

Сынак үчүн