“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

“Мектеп окуучулары олимпиадага кызуу даярданууда”

8 Декабрь 2015 жыл 20:28
Көрүүлөрдүн саны: 358

“Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек мектебинде олимпиадага даярдык жакшы жүрүп жатат.Бул райондук денгээлдеги олимпиада 10-11-декабрда Токтогул районунда ѳтѳт.

20151208_130324

“Олимпиаданын жыйынтыгы жакшы болот”-деген оюн тарых мугалими Медетбеков Эшенкул кабарчыбыз Азима Нурбек кызына билдирди:

“Окуучуларды олимпиадага даярдоодо бир канча кыйынчылыктар бар.Биринчиден,окуу куралдарынын жетишсиздиги,экинчиден,ар бир окуучуну жоопкерчиликке алып барыш керек.Ансыз эч мүмкүн эмес.Жыйынтыгы жакшы болот деген тилекте турабыз.Себеби дегенде,буга чейин дагы,канча деген окуучуларды олимпиадага даярдап,алып барып жүрѳбуз.Мисалы,тарых сабагы боюнча артта калган же  болбосо,орунга жетпей калган окуучу болгон эмес.Анан быйылкы жылы дагы жакшы ийгиликтерди алып келебиз деген ишенич бар.Буга чейин биздин окуучулар тарых сабагы боюнча 2-3-орундан түшкѳн эмес.

IMG_20150626_062406

11-класстын окуучусу Бегимай Анарбекова даярдыктар тууралуу  тѳмѳндѳгүлѳргѳ  токтолду:

“Мен олимпиадага биология жана англис тили сабактарынын барып жатам.Мугалимдер жакшы жардам берип жатышат,болгон күчүн жана билимин бизге бергенге аракет кылып жатышат.Өзүмѳ ишенип жатам,олимпиадага албетте ийгиликке жетүү  үчүн барып жатам.Ал жактагы жыйынтыгын дагы кѳрѳбүз”.

20151208_115320

Олимпиадага болгон даярдыктар тууралуу мектептин окуу бѳлүм башчысы  Турсумкан Абдыгуловага кайрылганыбызда,ал бул кызматка жаӊы келгендигине байланыштуу,бизге жооп бере албастыгын билдирди.

      кызуу-даярданууда-1

Даярдагандар:Азима Нурбек кызы

                            Мыскал Тазабек кызы

Сынак үчүн