“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Айылдык ооруканада жылуу суу чыкпайт

9 Декабрь 2015 жыл 10:11
Көрүүлөрдүн саны: 57

Терек-Суу айылынын ооруканасында көп жылдан бери жылуу суу маселеси чечилбей келет. Ал тургай муздак суу да кээ бир учурларда чыкпай калат. Бул учурда оорукананын тазалык  кызматкери  кыйналат.

20151208_145005[1]

Оорукананын санитардык кызматкери Гүлбаркан Арыкбаева сууну алыстан ташып келээрин айтты:

«Бул ооруканада шарттар жакшы эле, бирок жетишпеген жактары көбүрөөк, себеби, бизде жылуу суу чыкпайт. Сууну жолдун боюндагы крандан алып келебиз. Бизден башка  бөлүмдөр  дагы ташып келишет . Биз сууну өзүбүз ысытып колдонобуз, бизге кыйынчылык туудурат. Кээ бир учурларда суу жок болуп калганда сууну кайсы жактан алып келээрибизди билбейбиз».

20151208_120452[1]

Ооруканада дарыланып жаткан Жумакан Жумагулова башка айылдан келген оорулуу адамдар жылуу суудан кыйналышарын айтты:

20151208_122057[1]

» Бизде жылуу суу жоктугуна байланыштуу биз жылуу суудан абдан кыйналабыз. Бир эле биз эмес бул жакта балалууларга да кыйынчылыктар  болот . Башка айылдан келген оорулуулар да бизге келишет, аларга да кыйынчылыктар туудурат».

20151208_123549[1]

Оорукананын мед айымы Мүсүралиева Гулсайра кээ бир учурларда сууну өзү алып келип, куралдарын тазалоого мажбур болоорун айтты.

      ооруканада-жылуу-суу-жок

Даярдаган:  Нурпери Ратбек кызы    Айгерим Жылдызбекова

Сынак үчүн