“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

“Терек-Суу айыл ѳкмѳтүнүн имаратындагы жылуулук системасы жаӊыланды”

9 Декабрь 2015 жыл 21:21
Көрүүлөрдүн саны: 53

Терек-Суу айыл ѳкмѳтүнүн имаратындагы жылуулук системасы жаӊыланды. Кыш мезгилинде имараттын ичи суук болгону кызматкерлерге тоскоолдук кылып келген.

IMG_20151208_151853

Жылуулук системасы кайра жасалышына кубанган Нурбек Мырсраимов тѳмѳндѳгүлѳргѳ токтолду:

“Азыр жумушка шарт түзүлүп, жылуу болгон үчүн биз кечке иштеп, ыӊгайлуу болуп, курткачан отурбай, курткаларыбызды чечип отуруп дегендей,жакшы эле болуп жатат. Мурда муздак болчу, азыр ысык болуп калды”.

IMG_20151208_144355

Жоопту катчы  Жылдыз Эсенбекова  “Айыл ѳкмѳтүнүн имаратында жылуулук системасын   дагы жакшыртса болмок”-деген оюн билдирди:

“Жылуулук системасынан сырткары дагы конторго кѳп ремонт иштери керек. Менимче ойлойм бул жакында ишке аша турган нерселер болушу керек. Жылуулук боюнча айта кетсем жакшы, 100% болбосо дагы 70% деп баа бере алам. Мындан да ысый турган денгээлге жетсе болмок. Пайгамбар баарына ыраазы дейт го, мурункуга караганда бир кыйла жакшы”.

IMG_20151208_145122

Жылуулук системасын кайра оӊдоо иштерин жетектеген Турсуналы Жѳлѳкѳв чыгымдар тууралуу кабарчыбыз Гүлкайыр Коёновага тѳмѳнкүлѳрдү айтып берди:

“Бул жылуулук системасы СССР убагында 1974-жылы курулган. Анан азыркы убакта ичиндеги трубаларынан суу ѳткѳнгѳ мүмкүнчүлүк жок болуп калгандыктан, ал жерде иштеген кызматкерлерге жакшы шарт  түзүп берүү үчүн, биз жылуулук системасын кайрадан куруп чыктык.25 270 сомго материал алып келдик. Жылытуу системасын оӊдой турган кишиге 15 000 сом акча тѳлѳп бердик.  Бул ремонт  10 күндүн ичинде бүттү.  Абдан сапаттуу болду”.

IMG_20151208_125606

Айыл ѳкмѳтүнүн жумушчуларынын айтымында жылуулук системасынан тышкары  дагы жасала турган иштер кѳп.

Буга катар эле мектепте дагы жылуулук системасы боюнча бир канча ремонт иштери жүрдү.

IMG_20151208_152546

      системасы-жасалды-1

Даярдагандар: Гүлкайыр Коёнова

                             Сирена Акжолтоева

Сынак үчүн