“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Турусбек мектебинде ишембилик болуп өттү

9 Декабрь 2015 жыл 13:00
Көрүүлөрдүн саны: 96

Курама уулу Турусбек мектебинде ишембилик болуп өттү. Мектептин айланасында таштанды чогулуп калгандыктан тазалоо иштери жүргүзулдү. Ошондуктан окуучулар келип мектептин айланасын тазалашты.

IMG_20151208_142856

Бул ишембилик тууралуу мектептин окуу бөлүм башчысы Турсункан Абдыгулова төмөндөгүлөрдү билдирди:» Ишембиликтин максаты буга чейин эч ким ишембиликке чыгууну ойлогон эмес. Мектептин айланасы таза абалда болгондуктан баардык нерсени күзгү мезгилге кийинки келе жаткан жазга  даярдануу. Жердин негедир өзүнун эс алып турганын чыгаруу болчу. Ошондуктан бүгүн мектеп окуучулары менен тазалоого чыктык.Мектептин айланасы ойдогудай тазаланып жатат. Бирок ишембилике окуучулардын  келүүсү абдан жакшы эмес деп ойлойм. Себеби 11-класстар бүгүнкү ишембиликти каалашкан жок окшойт негедир бул ишембилике келишкен жок. Бирок башка класстын окуучулары активдүү катышып жатышат. Эмгек менен ар бир адам көгөрөт эмгек ар бир адамдын жанында жүруш керек. Сабактан кийинки мезгил бош болгондуктан бул иш чараны жасоого туура келди. Себеби бул жер ушул бойдон калып калса кышка чейин мектептин айланасы мындай тартипке жана тазалыка келмек эмес».

IMG_20151208_145825

10-класстын класс жетекчиси Кенжекан Аматбекова окуучулардын активдүү катышкандыгын билдирди:» Менин окуучуларым негизинен эле 10-класстын окуучулары бул ишембилике активдүүлүгү күчтүү. Эч бир окуучу калбай жана керектүү курал-жарагын алып келишип айлананы тазалап жатышат. Менин оюмча активдүү катышып жатышат. Бул ишембиликтин окуучуларга болгон тарбиялык мааниси өтө чоң. Бул суроого жооп берерден мурда Исхак Разаковдун сөзүнөн баштагым келет «мен таза болсом, сен таза болсон коом таза болот». Тазалык бул ден-соолуктун булагы айлана таза болуп турса мына билим алган жерибиз көрктүү болуп ажарына чыгып калды. Ушундан тарбия алышат жана үлгү алышат».

IMG_20151208_142657

Ишембилик тууралуу мектеп окуучусу Дилдеайым Сыргакова өз оюн билдирди:» Мен мындай ишембиликке дайыма келип турам жана биздин мектепте ишембилик ай сайын болуп турат. Ар бир болгон ишембиликке ар бир окуучу активдүү катышыш керек деп ойлойм. Ал эми бизге бөлүнгөн бөлүктү биз тазалап жатабыз. Биздин класс ар бир ишембиликке активдүү калышат».

IMG_20151208_142023

IMG_20151208_143030

      ишембилик-болуп-отту

Даярдаган: Луиза Айтымбетова 

Сынак үчүн