“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

“Айылды малдын дарысы менен камсыз кылган Бакыт Чороев”

15 Декабрь 2015 жыл 21:32
Көрүүлөрдүн саны: 98

«Терек-Суу айылында жалгыз ветеринардык  дарыкана  бар.  Айыл тургундарынын айтымында бул дарыкана  аябай эле пайдалуу жана ыӊгайлуу”.

IMG_20151214_133550

“Жеке ишкерликтин үзүрү  жакшы болот”-дейт  ветеринардык дарыкананын  ээси Бакыт Чороев:

Жеке ишкерлигим  жѳнүндѳ айтып кетсем, ар  түрлүү жеке ишкерлик кылабыз. Менин билимим ветеринардык  врач. Жаӊы баштаганда  ветеринардык негизде баштаганбыз, андан кийин продукты ж.б саткан дүкѳн ачтык. 4 адамды жумуш менен камсыз кылабыз. 2009-жылдан баштадык жеке ишкерликти. Аябай эле күч жумшадык, түн уйкудан калып, базардан-базарга жүрүп, шаарга товарга барып жүрдүк. Мээнет аябай эле болду. Башында мен  орто техникалык базада бүткѳм, ветеринардык билимим бар болчу, анан карап турсак биздин айылда , райондо дагы ветеринардык дарыкана жетишсиздигин кѳрүп туруп, анан ачтым бул дарыкананы. Жогорку билимди  кийинчерээк   аяктадым 2012-жылы. Жеке ишкер болуу үчүн аракет кылыш керек, тынбай эмгектенсе жеке ишкерликтин үзүрү жакшы болот”.

IMG_20151214_133530

“Дарылардын сапаты мени канаттандырат”- дейт айыл тургуну Назгүл Буканбекова:

“Негизи айыл жергесинде мал багылгандан кийин, бизге мындай ветеринардык аптека керек болот. Мен бул аптекадан дары кѳп эле алам. Дарылардын сапаты мени канаттандырат. Негизи бул ветеринардык аптеканын ачылганына кѳп эле болуп калды. Ага чейин биз малдарыбыз ооруп калганда, районго барып дары алып келчик, кѳп эле чыгым кетчи. Мисалы, жол кире баасы дегендей, барып келишиӊ 200 сом болуп кетчи,андан сырткары да майда-чүйдѳлѳр бар.  Ошол 200 сомго азыр биз жол кире коротпой эле дары алып алабыз. Терек-Сууда бул аптеканын ачылышы жакшы эле болду. Баасы дагы кымбат эмес, элдин чѳнтѳгүнѳ ылайыктуу”.

IMG_20151214_151213

 

IMG_20151214_133603

IMG_20151214_132235

IMG_20151214_133611

 

IMG_20151214_132248

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн