Терек-Суу айылында айылдар аралык кыздардын мелдеши болуп ѳттү. Бул мелдешке Токтогул районуна караштуу айылдар катышты. Ушундай эле мелдеш Чоӊ-Арык айылында да болду.
Арал айылынан келген команданын копитаны Нурайым Жеӊишбекова мелдеш тууралуу тѳмѳнкүлѳрдү билдирди:
” Биз Арал айылынан келдик. Мындай мелдештер бат-баттан болуп турат. Ушул сыяктуу оюндар кѳп эле уюштурулуп турса жакшы болмок. Баардык эле мелдештерге тамак ашыбызды, жол киребизди ѳзүбүз кээде агайыбыз каржылайт”.
Камбар-Ата шаарчасынан келген команданын капитаны Айпери Дамирова оюндарга катышып жүрүп кѳптѳгѳн досторду тапканын айтат:
“Биз мелдештерге келгенде бизди машыктырган агайларыбыз каржылайт. Мындай оюндар бат-баттан болуп турат жок дегенде бир айда эки жолу. Бул оюндар достука чакырат. Кѳптѳгѳн досторду таптым жана мындай оюндар кѳп эле болуп турса жакшы эле болмок”.
Саргата айылынан келген команданын копитаны Махабат Бакытбек кызы оюндардын артынан кѳп жерлерди кѳргѳнүн айтты:
“Мындай оюндар кѳп болуп турат. Ушул сыяктуу мелдештерге кѳз карашым түз эле. Бизди мурда ойноп жүргѳн адамдар каржылайт кээде ѳзүбүздүн каражаттан да келебиз. Мындай оюндардын болуп турушуна абдан кубанычтамын жана мелдештер кѳп болуп турса жакшы болмок. Себеп дегенде мындай оюндарда кѳптѳгѳн досторду табабыз жана кѳптѳгн жерлерди кѳрѳбүз. Мисалы Терек-Суу айылын кѳргѳн эмеспиз бул айылды да кѳрдүк”.
Бул мелдештин уюшруучусу Чоӊ-Арык айылында болуп калгандыгына байланыштуу ал адам менен маектеше албай калдык.
Даярдаган: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн