Курама уулу Турусбек мектебинде математика сабагынан курс ачылды. Бул курскка 11-класстын окуучулары ОРТ ге даярданып жатышат.Мындан тышкары жакында Кыргыз-тил сабагынан да курс ачылганы жатат. Бул курска 11-класстын окучулары бир айга 300 сомдон төлөп жатышат.
Курскка катышып жаткан Мунара Бакытбекова бул курска келип жатканынын себеби ОРТден жакшы баа алуу дейт:
“Менин негизги еле максатым ОРТден тест тапшырып жогорку окуу жайга өтүп кетсем деген ой. Албетте бул курс мага жакты жана өзүбүздүн шарткка жараша баасы туура деп ойлойм. Бул жактан өзүмө керектүү нерселерди үйрөнүп жатам”.
Курска катышып жаткан Бегимай Анарбекова төмөндөгүлөрдү билдирди:
“Азыркы 11 класстар тапшыра турган республикалык тесттен жакшы баа алуу максатында келип жатам. Албетте айыл жергеси үчүн бул баа туура деп ойлойм жана курс мага абдан жакты.Ооба бул жактан абдан көптү үйрөнө алдым”.
11 класстар үчүн курс жумасына эки жолу 2 саатан болуп турат. Математика курсун өткөрүп жаткан Толкун Аскарова маек берүүдөн баш тартты.
Бул математика курсунан башка Орус-тил жана Чет-тил сабактарынан да курстар болуп жатат. Орус-тил сабагынан 7 класстар жана 9 класстар катышып жатышат .Баасы 300 сомдон болуп жатат.
Даярдаган: Луиза Айтымбетова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.