“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Турусбек мектебинде үркүндүн 100 жылдыгына карата тегерек стол болуп өттү

6 Февраль 2016 жыл 20:41
Көрүүлөрдүн саны: 263

Терек-Суу айылында Курама  уул

IMG_20160206_120103

Кыргыз  тил мугалими тегерек столдун уюштуручусу Кенжекан Аматбекова бул иш чара туралуу төмөндөгүлөргө токтолду:

“Бул иш чарабыздын негизги максаты быйыл үркүнгө 100 жыл 1916-жылы улуттук боштондук көтөрүлүшү болуп ошондо өзүнүн эркиндиги өзүнүн адилет жашоосу үчүн күрөшкөн. Мына бүгүнкү окуучулар менен өткөргөн үркүндүн 100 жылдыгына карата тегерек стол  иш чарасын өткөрдүк. Кыргыздардын кийинки мууну тарыхты окуп билип ушул кыргыздын тарыхын андан нары окуп жана алардын билимин өркүндөтүп ошол менен бирге тарыхты тастыктаган улуу үркүндүн окуяларын мугалимдер  менен окуучулардын талкуу жүргүзүп аң сезимине кыргыздардын башынан өткөн тарыхын өткөрүп берүү болгон.

Негизи бул тегерек стол окучуларым жалпы эле мектеп окучулары 8 класстан 11 класска чейинки окучулар дубал газета жана рефераттардын конкурстарды уюштурдум эле  азаматтар баардыгы дубал газеталарды буклеттерди жазып беришти жана алар эркин сүйлөп емне себептен бул дубал газетанын темасын ушундай кылгандыгын бардыгын өздөрү чечмелеп берип жатышты. Окуучуларыма рахмат жакшы даярданып келишиптир”.

IMG_20160206_131035

Мектептин окуу бөлүм башчысы Абдыгулова Турсумкан тегерек стол жаккандыгын билдирди:  “Даярданып ар ким аракет кылып өткөрүшкөнүнө караганда менимче толду деп ойлойм”.

IMG_20160206_132851

Тегерек столдун катышуучусу 9 клксстын окуучусу Раманкулова Райхан :

“ Бул иш чарага негизи жакшы эле даярдандык колубуздан келишинче аракет кылдык жана сүрөтчү кызыбыз Мырзагүлгө рахмат көп ишти ошол бүтүрдү. Буклеттерди, дубал газеталарды жана рефераттарды жазып келгенбиз. Тегерек стол мен күткөндөн дагы жогорку дээнгелде өттү деп ойлойм”.

IMG_20160206_131959

Тегерек столдун катышуучусу Афтандил кызы Сайран:

Абдан жакшы даярдандык жана ушундай ич чаралар дайыма болуп турса жакшы болмок. Аракет кылып берилген тапшырмаларды так аткарганга аракет кылдык. Дубал газета буклеттерди даярдап келдик. Бул тегерек стол болгону жакшы болду себеби мурда билбеген нерселерди билип алдык. Кыргыздар емне себептен качканынан маалыматым бар болсо да мынчалык билчүү эмесмин”.

IMG_20160206_132022

Тегерек столдун көрүүчүсү Дүйшөнбек кызы Мыргагүл өз ойун билдирди:

“Бул иш чара мага абдан жакты айрыкча дубал газеталары сонун болуптур. Мен үркүн жөнүндө көптөгөн маалыматтарды ала алдым жана Кыргыздар Кытайга эмне себептен качкандыгын  бардыгын тактап билип алдым. Негизи мага бул үркүн темасындагы тегерек стол абдан жакты”.

IMG_20160206_132135

 

IMG_20160206_123613

 

IMG_20160206_123838

Даярдаган: Луиза Айтымбетова

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.