Курама уулу Турусбек мектебинде Химия, биология сабактарынан акыл ордо болуп өттү. Бул акылдуулардын таймашына 8-10 класстар катышты. Бул таймаштын жеңүүчүсү 9-класстын окуучусу Кылымжан Бекташова болду.
Таймаш жөнүндө уюштуруучу Нуржамал Казакбаева төмөндөгүлөргө токтолду :
“Акыл Ордо” интеллектуалдык оюнду балдардын аң-сезимин жогорулатыш үчүн, сабакты терең билиш үчүн, кызыгуусун арттыруу үчүн уюштуруп жатабыз. Мен ойлойм бул окуучуларга жакты. Бул оюн өзү кызыктуу, керектүү жана ушулурга предметти сүйүүгө дагы өбөлгө болот.
Калыстар тобунун мүчөсү Сүйүнт Нургазиев окуучулардын ар тараптуу билимге умтулуусун айта кетти:
Бул интеллектуалдык оюнду уюштуруунун себеби мектептин иш- чарасына кирип калган.Окуучулардын ар тараптуу билимге умтулуусу боюнча уюштурулган. Биология, химия предметинен гана эмес башка предметтерден да уюштурулуп келүүдө. Окуучулар, залдагылар да кызыгуу менен жооп берип жатышты.
Бул таймаштын жеңүүчүсү Кылымжан Бекташова оюн өз эрежелери менен жүрдү деген оюн билдирди:
Мен бул оюнга биринчиден олимпиадага барып келгем жана өзүмдүн билимимди текшерүү үчүн катыштым. Менде да толкундоолор болду. Бул оюн өз эрежелери менен жүдү деп ойлойм.
Катышуучу Кундуз Камчыбек кызы оюн жөнүндө өз ойун айта кетти .
Мен “Акыл Ордо” интеллектуалдык оюнуна катышканымдын себеби өз билим деңгээлимди сыноо. Мен биринчи жолу катышкандыктан толкундоолор болду. Мен ойлойм бул көрүүчүлөргө абдан кызыктуу болду деп оюн өз эрежеси менен жүрдү. Суроолор абдан жакшы болду.
Залдагы көрүүчү Өмүрбек Жунусов өз ыраазычылыгын билдирди:
Мага абдан жакты, жакшы өткөзүштү. Ушуну уюштурган мугалимдерге, тартынбай катышкан окуучуларга дагы рахмат. Жакшы тарбия алдык. Дагы ушундай “Акыл Ордо” боло берсин.
Элмира Таалайбек кызы бул таймаштан тарбия ала алгандыгын билдире кетти:
Мага “Акыл Ордо” оюну абдан жакты жана абдан кызыктуу болду. Катышкан окуучуларга, эже-агайларга терең таазим. Мен бул таймаштан коптогон тарбия ала алдым. Мага абдан жакты, көрүүчүлөргө да жакты деп ойлойм.
Даярдагандар: Гүлкайыр Коёнова, Сирена Акжолтоева