“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Ак калпак күнүнө карата окуучулар арасында жүрүш болуп өттү

5 Март 2016 жыл 21:39
Көрүүлөрдүн саны: 109

Терек-Суу айылында окуучулар арасында жүрүш болуп өттү. Бул жүрүш Терек-Суу айылында биринчи болуп жаткандыктан окуучу балдар ак калпак кийип көчө айланып базышты.

20160305_103713

Бул жүрүштун уюштуруучусу мектеп директорунун орун басары  Нуржамал Казакбаева төмөнкүлөрдү айтты;

Биз кыргыз эли болгондуктан кыргыз элинин символикасы катары эсептелет ак калпак. Ак калпак кийип эл алдына чыгып бүгүнкү майрамды билдирели деп жатабыз, ошондуктан бул жүрүштү уюштурдук. Буйруса мындай жүрүштү жылыга өткөрөлү деп жатабыз.

20160305_104919

Ак калпак кийип жүрүшкө барган 11-класстын окуучусу Рүстөм Жунусов төмөнкүлөрдү билдирди;

Бүгүн 5-март ак калпак күнү ошондуктан Курама уулу Турусбек мектебинин 11-класстын балдары чогулуп киели деген чечимге келип анан бүгүн кийип келдик. Айрыкча 11-класстын балдары дайыма калпак кийип жүрөбүз кечинде көчөгө чыкканда дагы кийебиз. Бул кызыл винетканы тагынганыбыздын себеби майрамыӊыздар менен деп  жаздырып адамдын моюнунда турза жакшы көрүнөт экен. Бүгүнкү жүрүш жакшы болду элдер жакшы кабыл алышты.

20160305_113433

Ошондой эле булар менен катар 11-класстын окуучусу Кубат Узакбай уулу өз оюн билдирди;

Бүгүн 5-март ак калпак күнү болгондуктан мектептеги балдардын баары калпак кийип келдик. Биз бул калпакты 1-марттан бери кийип келе жатабыз ошо бүгүн акыркы күнү. Бул кызыл винетканы патриоттук сезимди ойготуу максатында тагындык. Жүрүш тууралуу Терек-Суу айылынын тургундары туугандарыбыз ак калпакты кыргыз элинин баш кийими экенин билишсин деген максатта чыктык.

20160305_113421

11-класстын окуучусу Мурат Эркин уулу өз оюн айтты;

Бул ак калпакты өзүмдүн патриоттук сезимимди ойготуу максатында кийдим. Калпакты дайыма эле киебиз бүгүн акыркы күнү кийебиз мектепке. Жүрүш тууралуу айтсам баардык эле Кыргызстандыктар кылды ошолорду туурап биз да көчө айландык.

20160305_113440

Терек-Суу айылынын тургуну Төрөгазы Сманов төмөнкүлөрдү айтты;

Окуучулардын калпак кийип жүрүшү мага абдан жакты баягы кыргыздын салты бар эле кыргыз баласы калпак кийет деген абдан жакшы жарашыптыр. Бүгүн окуучулар ак калпак кийип көчө кыдырып жүрүшөт мен көрүп абдан сыймыктандым. Бүгүнкү майрамыӊызыздар менен ишиӊиздер илгери болсун, тынчылык болсун, дүйнөдөгү жакшылыктарды каалайбыз. Бүгүнкү майрам жакшы өтсүн.

20160305_105123

Турусбек мектебинин 10-классынын окуучусу Мырзагүл Райымберди кызы төмөнкүлөрдү айтты;

Негизи мектепке калпак кийүүгө болбойт албетте, бирок 5-март майрам болуп жаткандыктан уруксат. Бирок ак калпак кийүү абдан жакшы көрүнот сонун болуп калат экен.

20160305_104659

Жалпы мектеп мырзаларын куттуктап 6-класстын жана мектептин былтыркы бүтүрүүчүлөрү концерттик программа уюштуруп беришти.

20160305_111803

20160305_095539

20160305_100441

20160305_103811

      ак-калпак

Даярдаган: Адина Байсалбекова, Айчүрөк Нурбекова