“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чон Арык айылында эшектер жоголуп жатат

9 Апрель 2016 жыл 8:16
Көрүүлөрдүн саны: 95

Чон Арык айылында эшектер жоголуп, талаага союлуп кеткен учурлар көп катталууда. Эшектер айылда элдин көп жумушун бүтүрүшчү. Азыр айыл тургундары эшектерин жоготуп, кантип табаарын билбей турган учуру. Айыл тургуну Мурат Бейшеналиев 5 эшегин уурдаткандыгын айтты.

IMG_20160409_223215

“Мен ушул айылдан талаага айдап койгон жеримден 5 эшегимди союп, терисин сыйрып кетишти. Эшектер менин көптөгөн жумуштарымды бүтүрүшчү. Жайкысын тоодон малина терчүбүз. Эми эмне кылабыз. Мен бул тууралуу милиция кызматкерлерине билдиргем. Алар изилдеп жатышат. Эми алардын изин таап алсам, эшектеримди кайтарып алам деп ишенем.”

?

Айыл тургуну Турумкан айым кыргыз элинде мындай окуя болгон эмес, бул өтө уят деп билдирди:

20160408_161648

“ Кыргыздын жети атасында илгери мындай шумдуктуудай окуя болгон эмес. Эшекти союп кеткендер ата-бабасынын салтын сыйлабагандар. Акчанын артынан сая түшүп алгандар болуп жатышат. Бул окуя элдин турмушуна өтө чоң зыян алып келип жатат. Элди  кыйынчылыкка салды, иштин баарын эшектер менен бүтүрчүбүз, айла таппай жатабыз. Эми эшектерди байлап, карап калдык.”

Чоң Арык айылында милиция кызматкери жок болгондуктан, бул тууралуу маалымат ала алган жокпуз.

Даярдаган: Максатбек уулу Адилет, Уланбек кызы Бурулсун

Сынак үчүн