“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Коргоол Досуевге 133 жыл болду

9 Апрель 2016 жыл 7:48
Көрүүлөрдүн саны: 298

Быйыл 2016-жылы улуу акын Коргоол Досуев 133 жашка толду. Азыркы убакта Чон Арык айылында акындын музейи тургузулган. Коргоол Токтогулдун шакирти болгон.

20160409_104030[1]

Музейдин жетекчиси жана Коргоол Досуевдин небереси Турсумкан Досуева Коргоол жөнүндө кенири маалымат берди:

20160409_103717-1[1]

“Бул убакка чейин Коргоол Досу уулунун музейинде көп деле өзгөрүүлөр болгон жок. Экспонаттарын көбөйтүп жатабыз, эл арасынан ырларды чогултуп, чыгармаларын жанылап чыгарып жатабыз. 2013-жылы республикалык деңгээлде мааракесин белгиледик. Азыр 4 томдугун таап, жаңыртып чыгардык. Коргоол атабыз тогуз бир туугандын эң кенжеси болгон. Атасы Досу комузчу, апасы Үпөл кошокчу болгон. Акын болушунун себеби ушундан болсо керек. Коргоолдун мурунку аты Суранчы болгон, бирок кичинекей болгондуктан, коргоолдой бала экен деп, Суранчы аты калып, Коргоол атыгып кетет. Акын 14 жашында элдин оозуна алынат. Анын “Кепиш жоголгондо”, “Токтогулдун баласынын өлгөнүн угузганы”, “Чилдебайга”, “Сталинге” ж.б. ырларды жазган, атактуу “Акбакай” күүсүн чыгарган.

20160409_104104[1]

№13  Коргоол Досуев мектебинин тарых мугалими Өмүр Турсунбаев мындай деди:

“Окуучулар мурда Коргоол тууралуу көп деле маалымат билишчү эмес. Кээ бирөөлөр агайдын чон атасы деп гана билишкен жана анын чыгармачылыгы тууралуу деле кызыгышкан эмес. Кийинчерээк биз мектепте тарбиялык сааттарда Коргоол тууралуу көп маалымат берип, ага арналган ачык сабактарды көп өтө баштагандан кийин балдардын аң — сезими өзгөрдү.”

Чон Арык айылындагы орто  мектеп да Коргоол Досуевдин атынан аталган.

Даярдаган: Гулшайыр Гулжигитова

Сынак үчүн