“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Курама уулу Турусбек мектебинде кѳрктѳндүрүү иштери жүрүп жатат

9 Апрель 2016 жыл 19:32
Көрүүлөрдүн саны: 33

№12 Курама уулу Турусбек мектебинде жаз алды менен мектепти жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул иш-чара мектептин директору Турсумкан Абдыгулованын жана мектеп жамаатынын демилгеси менен ишке ашууда.

20160409_113020[1]

20160409_093816[1]

Кѳрктѳндүрүү иштери тууралуу мектеп директорунун орун басары Нуржамал Казакбаева тѳмѳнкүлѳргѳ токтолду:

“ Жылда эле мектептин кѳрктѳндүрүүсү болот. Коллективдин демилгеси менен ѳткѳрүлүп жатат. Окуучуларыбыз аябай жакшы жардам берип, мектептин айланасына алып келген кѳчѳттѳрүнүн баарын тигип, ѳздѳрү карап, суу коюп, кѳбүнчѳ окуучулардын салымы кѳп. Бул иш-чара дагы уланат деп жатабыз, дагы кѳчѳттѳр келмек, дагы отургузмакпыз. Ишембиликтер ѳткѳрүлүп жатат, ар жактан кѳчѳт алып келип жатабыз. Балдардын жардамы менен жашылдандыруу жүрүп жатат. Мага сѳзсүз жагат”.

20160409_112234[1]

“ Бул иш-чара мага абдан жагат”- дейт чарба иштери боюнча директордун орун басары Гүлнара Суранчиева:

“ Өкмѳт  тарабынан берилген бир айлык ишембилик жарыяланган. Ошол талаптын негизинде мектептин айланасын кѳрктѳндүрүү иштери жүрүп жатат, бир айдан бери, иш жакшы. Айлананы кѳрктѳндүрүүгѳ мугалимдер жана окуучулар ѳз демилгелери менен жакшы иштеп жатышат баары. Кѳрктѳндүрүү үчүн айлана-тегеректин баары тазаланып, куураган бутактарды бутап, айланадагы бактардын баарын актап, ордуна келтирип жатабыз. Мага абдан жагып жатат. Анткени, жаз келди баары жаӊырышы керек, жаз менен бирге биздин мектептин айланасы да жаӊырышы керек, таза болушу керек. Иш да жакшы жүрѳт таза жерде”.

20160409_144904[1]

Чет-тилинен сабак берген мугалим Айгүл Ормонбекова бул иш-чара боюнча мындай дейт:

“ Бул кѳрктѳндүрүү демилгеси биздин президентибиз Атамбаев тарабынын жарыяланган жана бул демилгени мектептин директору  Абдыгулова Турсумкан эжебиздин аракети менен ишке ашып жатат. Кѳрктѳндүрүү үчүн айланабыз жаз келгенден бери үч ай ичинде тазаланып бүттү. Жыгачтардын куурагандары алынып жана бошогон жерлерге каргайлар алынып келинип отургузулду. Жана дагы гүлдѳрдү себүү иштери жүрүп жатат  азыркы убакта. Албетте жагып жатат,бул демилге менен биздин мектебибиз кѳркүнѳ келди десем жаӊылышпайм. Турсумкан эжебиздин күжүрмѳн аракети менен биздин мектебибиз кѳркүнѳ келди.  Жаз менен кошо биздин мектебибиз дагы кѳрктѳнүп жатат”.

20160409_150134[1]

“ Кѳрктѳндүрүү иштери дагы уланса, келип жардам беребиз” – дейт 9- класстын окуучусу Роза Акматалиева:

“ Бизге кѳрктѳндүрүү иштери аябай жагып жатат. Окуучулар бактарды актап, бутап, гүлдѳрдү тигип, ушундай салымдарды кошуп жатышат.  Ишембиликтерге дагы келип жатабыз, айлананы тазалап, гүлдѳрдү тигип, кѳчѳттѳрдү отургузуп. Албетте кѳрктѳндүрүү иштери дагы уланса келип жардам беребиз. Мектепке салым кошобуз”.

20160409_093824[1]

Кошумчалай кетсек мектептин 11- классынын окуучулары мектептин алдына окуучуларга ыӊгайлуу болгон отургуч коюп беришти.

20160409_093651[1]

20160409_093809[1]

      KORKTONDURUU

Даярдаган: Азима Нурбек кызы.

Сынак үчүн.