“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Согуш ардагери Жолоочу Шатманалиев 94 жашта

9 Апрель 2016 жыл 7:02
Көрүүлөрдүн саны: 66

Чон- Арык айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жолоочу Шатманалиев 94 жашта. Ал 17 жашында Мекенди коргоо үчүн, согушка аттанган.
IMG_20160408_154017

Өзүнүн эскерүүсүндө ал буларды айтты:

-“Мен 1923-жылы Уста-Сайда январь айында төрөлгөм. Мени 17 жашымда армияга чакырган. Алма-Атага барып, анан Москвага алып кетишти. Ал жерде 2 ай жүрдүк. Көк чөптү кайнатып ичтик, темир — тезек терип жүрдүк. Ал кезде орустардын буудайы бышып калган экен, андан жедик, ичибиз ооруду. Жүрүп отуруп, Донбасска жеткенде октор атыла баштады, танкалар атылып, биздин элди бүт эле кырып койду. Немецтердин эки танкасы келип туруп калды. Ат байлаган жер бар экен, ошол жерге токтодук, 2 буханка наным бар эле, аны 5 кишиге бөлүп бердим. Анан 2 киши өлүп калды. Үчөөсү нан издегени өйдө кетишти. Бир кезде аркы өйүзгө чыкканда, немиецтерди аттык, анан анын нанын алып жеп, өтүгүн, шинелин кийип алдык. Ошондой кыйын күндөр өттү. Октябрь-ноябрь айларында жарадар болуп, айылга келип калдым.”

IMG_20160408_161206

Жолоочу Шатманалиевдин небере келини атасы менен сыймыктанаарын билдирди:

-“Биз ушу атамдын неберелери болобуз. Үйдө бактылуу үй-бүлө болуп жашап жатабыз. Мамлекет тарабынан дагы жардамдар берилип жатат. Пенсиясы бар, дары-дармектерине каражат бөлүнөт, электр энергиясына да жеңилдиктер бар.”

сурот

Чон арык айылында согуштун ардагерлеринен жалгыз  Жолоочу Шатманалиев калды. Андан тышкары тылда эмгектенген эки ардагер бар.

Даярдаган:  Нуржамал Абдилдажан кызы, Анаркуль Алмазбек кызы

Сынак үчүн