Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында эркин күрөш боюнча машыктыруучу жай бар. Эркин күрөш менен машыккан жаш спортчулар көптөгөн ийгиликтерди багынтып, алды дүйнөлүк жана республикалык деңгээлде күрөшүп жаткан кези. Машыгуучу жай, тренер жана жаш чемпиондор жөнүндө кыскача маалымат бере кетсек.
“ 4 жылдын ичинде менин окуучуларым жыйынтык көргөзду” – дейт эркин күрөш боюнча машыктыруучу Акберди Мамыткулов:
“ Тренерлик кесипти аркалап жүргөнүмө 5-6 жылдын жүзү болду. Терек-Суу айылынын жаштары менен бирге, келечек менен иш кылып келе жатабыз. Машыгуучу 100 дөй бала бар. Алардын арасынан ийгилик жараткандары бар, 4 жылдын ичинде жыйынтык көргөзүп, Нурахмед деген балабыз былтыр июндун ичинде Боснияга барып, дүйнөлүк чемпиондукту алып берди. 17 жылдан бери Кыргызстан ала элек сыйлыкты алып берди, дуйнө жүзүнө таанытты. Андан башка дагы Тайыр деген балабыз бар, азыр Бишкекте окуп жатат. 24-25 жолку чемпион жалпы эсеби менен. Терек-Суу айылында Нургазиев Айдарбек деген бар 14-15 жолку чемпион. Бакдөөлөт деген балабыз бар, ал дагы 7-8 жолку чемпион . Андан сырткары дагы чемпион балдарым бар, 10-15 тей, жыйынтыктар жакшы эле. Биздин машыгуучу жай боюнча айта кетсем, азырынча мектептин бир чоң кабинетинде убактылуу машыгуубуз өтүп жатат, 2 жылдан бери. Ага чейин башка жерде болчу. Өзүнчө салынган залыбыз жок убактылуу”.
Келечекте өзүн спорттон көргүсү келген жаш чемпион Айдарбек Нургазиев:
“ Мен эркин күрөш менен 5 жылдан бери машыгам, бул спортко келгенимдин себеби, өзүм кичинекейимден бери кызыкчым, ата-энем түрткү болду жана өзүмдүн каалоом менен келдим. Ата-энем жана жакындарым жакшы колдоо көрсөтүшөт. Көп мелдештерге жөнөтүшөт жана каражат бөлүп беришет. Буга чейин абдан жакшы ийгиликтерди жараттым, 5 жылдан бери 17 медаль, 2 кубок алдым жана көптөгөн ийгиликтерге жеттим. Машыктырган тренерим Акберди агай, 5 жылдан бери агайдын колунда машыгам. Келечекти спорттон көрөм жана дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратам деген оюм бар”.
Белгилей кетчү нерсе Терек-Суу айылынан чыккан жаш спортчу Нурахмед Кудабаев 2015- жылдын июнь айында Босния и Герцоговина мамлекетинин Сараево шаарында болуп өткөн мелдеште 3-орунду алып, республикабызда 17 жылдан бери кайталана элек рекордду жаңылап, чемпион аталган.
Жаш спотчулардын машыгуучу жайы.
P.S Айрым сүрөттөр спортчулардын өздүк архивинен алынды.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн