“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

«Курама уулу Турусбек мектебинде « Китеп жумалыгы» болуп өттү».

21 Апрель 2016 жыл 19:07
Көрүүлөрдүн саны: 28

№12 Курама уулу Турусбек мектебинде « Китеп жумалыгы»  болуп өттү. Бул иш чара 20- 21- апрель күндөрү болду. 23- апрель « Китеп күнү»  болгондуктан мектеп жамааты бул жуманы « Китеп жумалыгы» деп жарыялады. 2 күнгө созулган бул иш чара окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттырууда.

20160421_131853

Китепканачы Сагынбү Ташматова мектеп жамааты 23- апрель « Китеп күнүнө»  карата бул жуманы « Китеп жумалыгы» деп жарыялагандыгын айтат:

« Бул иш чара 23- апрель күнү « Китеп күнүнө» карата бул жуманы « Китеп жумалыгы» деп жарыялап жатабыз. Жуманын биринчи күндөрү мугалимдер бөлмөсүндө мугалимдерге методикалык жана кыргызча, орусча адабий китептердин көргөзмөсүн уюштурдук. Андан бери биз мектептин коридорунда окуучулар үчүн кызыктуу болгон кыргыз, орус тилиндеги көркөм адабияттарды жана балдарга арналган китептерди алып чыктык. Көргөзмө жакшы өтүп жатат , окуучулардын кызыгуусу абдан зор. Китепканага деле байланышышат окуучулар. Бирок, китепканага караганда бул жакта окуучулардын кызыгуусу жакшы болуп жатат. « Китеп жумалыгы» жакшы болуп жатат. Окуучулар аябай жакшы катышып жатышат. Өзүбүздүн китепканадагы китеп сүйүүчүлөр  дагы келип жатышат. Китеп менен байланышып окуучуларда дагы кызыгуулар пайда болуп жатат. Азыркы заманда көбүнчө, китепке кызыгуу азайып кетти дегенибиз менен, баары бир биздин мектепте китепке болгон кызыгуу жакшы эле темпте го деп ойлойм мен. Китеп менен байланышуу окуучулар үчүн бир түйүндү чечкендей эле жакшы  таасир этет.

20160421_131436

7- классьын окуучусу Гулиза Рысбек кызы « Китеп жумалыгына катышып көптөгөн кызыктуу китептерди окугандыгын айтат:

« Китеп жумалыгына катышып мен көптөгөн кызыктуу китептерди окуп жатам. Дагы көптөгөн кызыктуу китептерди окуучуларга тартууласа деп ойлойм. Мага  бул иш чара абдан жагып жатат.

20160421_130743

20160421_131914

20160421_131922

      kitep-zhumalygy

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

Сынак  үчүн