“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

«Мектепте 1- класстардын Алиппе менен коштошуу майрамы болуп өттү».

21 Апрель 2016 жыл 19:49
Көрүүлөрдүн саны: 90

№12 Курама уулу Турусбек мектебинде бүгүн 21- апрель « Алиппе» майрамы болуп өттү. Биринчи класстар ата- энелерине таланттарын көргөзүп,  ырдап, бийлеп, жыл бою жаттаган ырларын айтып ата- энелерин кубантып жатышты.

20160421_133411

Башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Жумагулова « Алиппе» майрамынын жүрүшү тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

«Балдарды караӊгыдан жарыкка жетелеген ушул Алиппе болгондуктан, Алиппедеги көптөгөн тамгаларды тыбыштарды окуп бүтүп, тамга таанып бүтүп, Алиппе менен коштошуу мезгили болуп жатат.  Ар бир окуучунун эсинде калат жана ата- эненин эсинде калат деп ойлойм. « Алиппе» майрамы башталгыч класстар үчүн же дегеле окуучулар үчүн эӊ жакшы календардагы кызыл менен белгиленбесе дагы эӊ жакшы майрамдардын бири деп эсептейм. Бизде 4 биринчи класс бар, «А» класс жана «Б» класстардыкы бүгүн өтүп жатат. Менимче жакшы эле болуп жатат деп ойлоп жатам. «Алиппе» майрамы негизинен биринчи класстардын майрамы болгондуктан, окуучулар жалпы катышып жатышат. Бул майрамда жалпы ошол класстын ата- энелери катышып, балдардын өнөрүн көрүшөт. Майрамда бир эле окуу менен чектелбестен, алардын коомго, жаратылышка болгон мамилесин өзгөртүп дегеле бардык жактан интеллектуалдуу  болгонго тарбиялайт. Алиппеден сырткары үйрөнгөн нерселердин баарын көрсөтүп жатышат, көркөм окуулар болот, бийлер болот, ырдашат. Бул майрам жагат, жакпайт деген ойдон алысмын, себеби дегенде, «Алиппе» майрамы мугалимдердин жыл ичинде окуучуларды тамга тааныбай келгенде, биз окуттук деп сүйүнүшүп, балдар менен чогуу майрам өткөрүп жатабыз, мага жагат».

20160421_132651

1- А  класстын класс жетекчиси Нурайым  Жумагулова « Алиппе» майрамынын  « Эӊ жакшы» деӊгээлде  өтүүсүнө ата- энелердин салымы чоӊ экендигин айтат:

« Бул  « Алиппе» майрамы бардык бөбөктөр үчүн орчундуу майрам болуп эсептелет. Биз 1- А класс болгондуктан биз бүгүн өткөрүп бүттүк, мында балдарым аябай майрамдык маанайда  жакшы катышып беришти. Алиппе менен коштошуу мезгили өзгөчө бир оочундуу орунду ээледи. Себеби дегенде, окуучулар Алиппе китебин окуп бүтүп, андагы жакшы ырларды, макалдарды жатташып, жакшы бийлешип, эӊ жогорку маанайда өттү деп ойлойм. Бул майрам баланын турмуштагы эӊ биринчи майрамдарынын бири деп эсептейм. Мен балдарыма каалаймын бүгүнкүдөй шаӊдуу болуп, келечектери  кеӊ болсун, окууларына ийгиликтерди каалаймын. Келечекте көптү үмүттөндүргөн балдардан болот деп ойлойм. Ата- энелерге рахмат, бала деп жашап жүрүшөт бардык адам заты. Балдардын формаларын тиктиришип, орендага алышып, мугалим тарабынан берилген бардык талаптардын бардыгына макул болуп, жакшы колдоо көрсөтүштү.  Мен өзүмчө аябай толкунданып турам. Буйруса балдардын келечеги дагы көп майрамдарды өткөрөт».

20160421_133158

Көрүүчү катары отурган ата- эне Чынара Осмонкулова балдардын аӊ- сезими өзгөрөт дейт:

« Албетте менин кызым бул майрамга активдүү катышып жатат. Балдардын аӊ- сезими дагы өсүп, жакшы болуп жатат. Мага аябай жагып жатат».

20160421_133900

20160421_135058

20160421_133914

      alippe-2

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн