« Терек- Суу айылында жаӊы техника пайда болду. Анын аты « Мопед». Бул техника отун аралагычтын маторунан алынып жасалган. Жаӊы техника айыл тургундарынын кызыгуусун артырууда».
Мопеддин жаратуучусу Сагындык мырза мопеддин бензинге үнөмдүү экенин айтат:
« Бул техниканын аты мопед . Мопеддин пайдасы бар мисалы жеӊил болот жана бензинге үнөмдүү болот. Бул мопедди адамдарды кызыктыруу үчүн жасадым анткени адамдарга аябай пайдасы бар азыркы учурда айыл тургундары кызыгышып сат дегендер болуп жатат . Буйрутма бергендерге мопет жасап азыр ошол менен алектенүүдөмүн. Мопедди жасоодо абдан кыйынчылыктар болду керектүү каражаттар өзүмдө жок болгондуктан ар кимден сурап чогултуп жасадым. Мындан башка дагы жаӊы техникаларды айыл тургундарына керектүү буюмдарды жасаганга аракет кылам».
Сагындык мырзанын кошунасы Муратова Милиян Сагындык анын көп иштерине жардам берерин айтты:
» Сагындыктын колунан көп иштер келет. Мопед аттуу жаӊы техниканы ойлоп таап мотор салып айдап жүрөт. Айыл тургундары кызыгып жасатып жатышыптыр. Жана Сагындыктын үйүндө балон жамай турган чарыгы бар жана Сагындык машина дагы оӊдойт. Биздин машынанын балону жарылып калга же болбосо балта-чотубузду оӊдоп берип аябай жардам берет колу иштүү».
Даярдаган: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн. А.Н