“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Назарбеков Кул

29 Апрель 2016 жыл 17:19
Көрүүлөрдүн саны: 92

Терек-Суу айылында Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Назарбеков Кул 92 жашта. Ал 18 жашында Ата Мекенди коргоо үчүн согушка аттанып кеткен.

20160427_030258

 

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Назарбеков Кул өзүнүн өткөн өмүрү жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтты: « Мен 1940- жылы сентябрь айында армияга кеткем ошол учурда шогуш башталып калды. Согушка катышып анан согуш басылгандан кийин 1947- жылы кайра кайттым. Мен согушта Киевде болдум. Анан согуш басылгандан кийин Япония согуш чыгарып ийди анан жалаӊ командирлерди Японияга айдады мен ал учурда командир болчум ошондуктан мен дагы жөнөп кеттим. Япониянын жолу узун да биз антип-минтип баргыча Совет өкмөтү Японияны өзүнө каратып алып коюуптур. Анан ошол жерден Япониянын кыштактарын бизден бир адамды кошуп алып анан биздин атуулдардан кошуп өткөрүп берип жатты. Аны бүткөндөн кийин кайра кайттык. Дальний-Востокко келип токтодук мен ошол жерде туруп калдым анан мага указ келип 1947-жылы 17- январь күнү үйгө келдим. Мен согушка аттанганда болгону 18 жашта болчумун. Киевде 9 күн согушта болдум ошол учурда жарадар болуп калдым. Согуш учурунда көп эле кыйынчылыктарды көрдүк  ал учурда Совет өкмөтүү деле анча кирешелүү эмес болчу ал учурда эл оӊоло элек болчу ошондуктан армияда дагы жакшы окат жок болуп курсак жакшы тойгон жок бир нанды 6га бөлүп жечүүбүз. Согушка барганыма абдан сыймыктанам көптөгөн медаль сыйлыктарым бар жана жыл сайын 9-майда белек-бекчектерин берип турушат. Согуштан келгенден кийин үйдө жатсам военкомадтан келип калышты согуш бүттү эле десем көрсө менин аттым делодо бар да анан мага 70 тей адам бар экен ошолорду аскерге даярдап машыктырып иштеп калдым. Ошол учурда согушка барып келгендерге өкмөт жакшы деле жардам берген жок . Өкмөт жардам бербегендиктен аскерледи машыктырып иштеп андан кийин мени Өрнөк мектебине дене тарбия сабагынан сабак бересиӊ дешти мен макул болуп иштеп калдым. Мен өзү комунист болчумун армиядан жазылып келгем. Азыр болсо кудайга шүгүр ден-соолук жакшы болгону көздөн бир аз көрбөй калды жакшы эле карылыктын доорун сүрдүм жашым 92ден 93кө карап калдым. Балдарым 2бала 3 кыз азыр чөбөрөлүү болуп калдым. Ата Мекенди коргоп согушка барып келгеним үчүн сыймыктанам»

20160427_030316

Назарбеков Кулдун жубайы Назарбекова Саликан согуш учурунда абдан кыйын жашоо болгонун айтты: « Кул экөөбүз качан баш кошконубузду унутуп деле калдым . Кудайга шүгүр 5 балабыз бар. Жолдошум менен сыймыктанам. Согушка барып келгени үчүн акча берип жатат өкмөт жакшы эле карап жатат  15миӊ сом мен алам ал эми жолдошум 17миӊ алат кудайга шүгүр жашап жатабыз. Жыл сайын 9-май күндөрү калпак мазы чай-пай майда-чүйдөсүн алып келишип куттуктап келишет. Согуш учурунда мен күйөөгө тийгем ал учурда абдан эле кыйын болду жүгөрүнүн, буудайдын , арпанын машактарын терчүүбүз. Мага медаль бериш керек эле беришкен жок  Эсенбеков деген жетекчи экөөбүз чогу окуп чогуу иштечүүбүз» .

20160427_030350

Назарбеков Кулдун баласы  Назарбеков Самидин атасы менен сыймыктаанарын айтты: « Атам менен абдан сыймыктанам. Атам мага ата катары үлгү ала алдым десем болот көптөгөн жакшы сапаттарын өзүмө алдым. Кичине кезибизде согушта болгон окуяларын көп айтып берчүү. Ооруканага убак –убагы менен алып барып текшертирип турабыз азыр ден-соолугу жакшы эле» .

20160427_030706

20160427_031441

Даярдаган: Луиза Айтымбетова

Сынак учун: А.Н