“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул районунда үркүндүн 100 жылдыгына карата иш чара болуп өттү

4 Май 2016 жыл 9:25
Көрүүлөрдүн саны: 116

Токтогул районунда билим-берүү бөлүмү уюштурган  “Тарыхта калган кара тактар” аттуу сынак болду. Ага 9 мектеп катышып  эң мыкты деңгээлде өттү. Бул сынака 9 мектептин ичинен Кетмен-Дөбө өрөөнүнө караштуу Чоң-Арык айылынан Коргол мектеби да катышты.

IMG-20160423-WA0007

Конкурста райондук  билим берүү  бөлүмүнүн  инспектору камиссиянын төрайымы  Астра Боржуева төмөндөгүлөргө токтолду:

“Бүгүнкү өткөрүлгөн иш чарабыз үркүндүн 100 жылдыгына арналган.  Бул өзү райондук деңгээлде уюштурулган иш чара болчу. Эки  тур менен өткөрүлдү. Биз мындан кийинки дагы ушуга окшогон иш чаралар өтүп кала турган болсо сөзсүз түрдө бүгүнкү  биринчи орунду алган командага жолдомо беребиз. Бүгүнкү конкурска келген командалардын бардыгы эң жакшы даярдыктар менен келишиптир. Албетте бул командаларды калыстар тобу орунга коюуда өтө чоң жоопкерчилик менен мамиле жасап, иш жасадык деп ойлойм. Себеби деген бардык командалардын даярдыктары эң мыкты экен. Ошол үчүн  мыкты командалардын эң мыктысы деп бүгүнкү биринчи орунду алган команданы эсептейм”.

20160420_192813

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Сулпукарова төмөндөгүдөй ой пикирлерин билдирди:

“ Бүгүнкү конкурс аябай жакшы өттү. Ошолордун ичинен мен Коргол орто мектебинин окуучулары жөнүндө да аябай жакшы пикирде калдым, аябай так, сөздөрүңөр так, оюңар так жакшынакай даярданыпсыңар. Мен ойлойм мына ушул улуу сахна көп балдардын, көп кыздардын таланттар дүйнөсүндө тушоосу кесилди дейм. Кудай буйруса беш-он жылдан кийин жанагындай Сыймык Бейшекеевдей, Гүлнур Сатылгановадай жакшынакай улуу жылдыз кыздар-балдар чыкканда ошондо мына ушул жерди айтасыңар. Ошонун ичинде кызым сенда барсың”!

20160420_192948

Мазарсуу айылынын Жоомарт орто мектебинин окуучуларынын бири сүйүнүч менен төмөндөгү сөздөргө токтолду:

“Мен өзүмө көптөгөн маалымыттарды алдым. Өзүмдө деле маалымат бар болчу бирок, толук деңгээлде эмес. Бул жактан дагы билбегенимди билип үркүн жөнүндө эң жакшы маалыматтарды алдым өзүмө. Мен негизинен бул конкурста көп деле программага катышкан жокмун. Өзүмдүн декламация ырларымды айтып бердим. Мени менен чогуу досторум катышкан кыздарым үркүн жөнүндө ар кандай ценка, маналогдорду аткарышты. “Ажарды” А.Токомбаевдин “Жаралаган жүрөк” деген чыгармаларын сахнада чагылдырып аткарышты. Мен ойлойм бул конкурска катышкан окуучулардын бардыгы үркүн жөнүндө көп маалыматтарды алышты”.

20160420_19315420160420_121759IMG-20160423-WA0004

 

 

 Даярдаган: Айпери Кубанычбекова