“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Турусбек мектебинин мугалимдери бирдиктуу формага өтүштү

7 Май 2016 жыл 17:59
Көрүүлөрдүн саны: 291

№ 12  Курама уулу Турусбек мектебинин  мугалимдери  бирдиктүү формага өтүштү. Бул бирдиктүү форма кийүү демилгеси аталган мектептин директору Турсумкан Абдыгуловага таандык.


20160507_112936
Мектеп окуу бөлүмүнүн башчысы Кенжекан Аматбекова билим берүү министрлиги тарабынан берилген  2015- 2016-окуу жылдарында  бирдиктүү форма боюнча атайын иштелип чыккан  буйруктун негизинде жана мектеп директорунун демилгеси менен бул форма кийилип жаткандыгын айтат:

« Мектепте мугалимдердин бирдиктүү формага өтүүсүнүн себеби, бизге жеке ишкерлер кайрылып, өздөрү  бизге формаларды көрсөтүп, кандай аласынар деп, анан биз ушул форманы жактырып, тандап алдык. Бирдиктүү формага өтүүгө мектептин директору Абдыгулова Турсумкан эже чоӊ өбөлгө түздү десек болот, алгыла кийгиле деп. Мугалимдердин 50%и  бирдиктүү формага өтүштү. Негизинен билим берүү министрлиги тарабынан берилген 2015- 2016- окуу жылдарында форма боюнча атайын иштелип чыккан буйруктун негизинде агайларга дагы берилген, бирок, биздин агайлар кие элек.  Мектептин окуучулары дагы бирдиктүү формага өтөт деп жатабыз, келерки окуу жылында. Бирок, бул маселени ата- энелер жана коллектив менен чогуу чечишибиз керек. Мен бул маселени так киебиз деп айта албайм»- дейт окуу бөлүмүнүн башчысы.

20160507_114228-1

Кыргыз тили сабагынын мугалими Эрке Стамалиева бул форманын сапаты жакшы жана мугалимдердин айлыгына туура келет деген ойдо:

« Азыркы учурда бул форманы  кийип жаткандан кийин жагып жатат. Сапаты, кийинүү стили башкача болуп калат экен, мага форма  абдан жакты. 2500 сомдон алдык, азыркы базар экономикасына алып караганда, баасы биздин айлыкка ыӊгайлуу  экен, анын үстүнө биз дагы жарым баасына алдык. Бизге мектептин директору жана администрация тарабынан айтылган, анан мугалимдер макулдашып, форманы кийүүгө макул болдук. Эӊ чоӊ салым кошкон бул биздин директор деп ойлойм»- дейт Стамалиева.

20160507_132042[1]

11- класстын окуучусу Кубат  Бакытбек  уулу  мугалимдердин   бирдиктүү формасы тууралуу  төмөндөгүлөргө токтолду:

« Бул бирдиктүү форма бизге абдан жакты. Аябай жакшы көрүнөт экен, мугалимдерге жакшы жарашыптыр. Окуучулардын дагы бирдиктүү форма кийүүсүнө көз карашым жакшы эле, бардыгы бирдей кийинип турса, кооз көрүнөт»- дейт.

20160507_120306-1

10- класстын окуучусу Мырзагүл Райымберди кызы бул мектеп болгондуктан  бардыгы бирдей форма кийип, бардыгынын кадыры бирдей болушу керек экендигин айтат:

« Негизи  бул бирдиктүү форма бардыгына эле жарашат. Себеби, бул деген мектеп, бардыгынын кадыры бирдей, мугалимдер үчүн дагы окуучулар үчүн дагы. Мугалимдерге бул форма эӊ жакшы жарашат экен. Бул форманы кийгенде мугалимдмн кандай жашоо- шартта жашаары эч байкалбайт. Бардыгы бирдей жана кооз, эӊ жакшы көрүнөт экен. Негизи окуучулар деле бирдиктүү форма кийип жатабыз, бирок, мугалимдердикине окшош форма кийсек, андан дагы жакшы болмок, окуучулардын бардыгы бирдей формага өтсө».

20160507_121439

20160507_102333

20160507_102259

20160507_102348

20160507_112943

      mugalimderdin-birdiktuu-formasy

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн