“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылынын көйгөйү болгон таза суу маселеси

8 Май 2016 жыл 19:09
Көрүүлөрдүн саны: 71

Терек-Суу айылынын тургундарына  «айылда чечилбей келген маселе»  тууралуу сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө Терек-Суу элинин  көбүнчөсү таза суу көйгөйүн  билдиришти. Бул маселе боюнча Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Советбек Джээналиевичке кайрылсак төмөнкүлөрдү билдирди.

20160508_145002

Айыл тургундарынын айтымында азыркы учурда таза суу маселеси көйгөй жаратууда дешүүдө бул боюнча оюӊузду айтсаӊыз?

-Бул туура маселе айыл жергесинин дээрлик калктын 60 пайызы таза суу, ичүүчү суу  менен тийиштүү деӊгээлде камсыз болбой келди бүгүнкү күнгө чейин.  Таза суу түтүктөрүнүн тарамдары абалы айрыкча көйгөйлүү болуп келди. Анткени мөөнөтүнөн ашыкча 45 жыл иштеп жаткандыктан жана буларга инвестициялык салымдарынын жетишсиздигинен бул түтүктөр жаӊылоону талап кылат. Ошондуктан 2015-жылы айыл аймактан демилгелүү топтор түзүлүп, долбоор даярдап каржылоо максатында гранттык комиссияга долбоор жөнөткөнбүз. Бүгүнкү күндө 4-апрель күнү бул долбоор колдоого алынып азыр 2000778 сом акча каражаты бериле турган болду.

Элдердин айтымында кээ бир айыл тургундары үйүнүн эшигинен суу чыгартып алышыптыр. Мунун себебинен крандарга суу келбей калууда бул маселени кантип чечсе болот?

— Жогоруда айтып келгендей эле суу түтүмдөрүнү тармагы жараксыз болгодуктан айылга кошумча дагы 250 метр жаӊы трубалар курулат. Ошондо суунун көлөмү чоӊойот дагы айылга суу жетиштүү болот.

Айыл элине таза суу жеткиликтүү болушу үчүн кандай иш чаралар өткөрүлүүдө?

-Жогоруда айтылып кеткен долбоордун негизинде биз  чоӊ иш чараларды алдыга максат кылып койдук. Биринчиден айылга келе турган суу чыпкалоочу жай бар ошону толугу менен ремонттон өткөрөбүз. Экинчи айылга келе турган  суу түтүктөр тармагынын  300 метр суу түтүктөрү алмаштырылат. Андан кийин хлордоочу жай бар бул хлордоочу жайды толугу менен иштетип 6 камерасын теӊ иштетебиз. Бүгүнкү күндө хлордоочу жайдын бир эле камерасы иштеп жатат. Андан кийин сууну топтоочу жайыбыз бар резеруарды толугу менен ремонттон өткөрүп анын дагы эки камерасы бар бүгүнкү күндө бир эле камерасы иштеп жатат. Иштер бүтсө экинчи камера дагы иштейт. Айылдын ичинде суу түтүктөр тармагы дагы686 метр суу түтүктөрү алмаштырылат. Дагы 45 айылдын ичинде кудуктар алмаштырылат, 55 суу калонкалары орнотулат. Ушул иштердин баарын жанагы долбоордун негизинде аткарсак суу жетиштүү болот деп ойлойм.

Жогоруда айтып өткөндөй ремонт иштери качан болот?

— Ремонт иштери жакында гранттык келишимге кол коюлду. Май айы ичинде законго ылайык конкурс жарыялайбыз. Конкурска катышкан подрятчик жеӊгенден кийие подрятчик менен келишим түзөбүз иштерди аткарат деп. Биздин болжол менен июнь айында суу түтүктөр тармагы оӊдоо иштери башталат.

20160508_173557[1]

      Terek-Suu-ajylynda-taza-suu-maselesi

Даярдаган: Айчурок Нурбек кызы