Терек- Суу айылында жайгашкан № 12 Курама уулу Турусбек мектебинде 27- май күнү “ Акыркы конгуроо” аземи болуп ѳттү. ” Акыркы конгуроо” аземинде эӊ мыкты окуган окуучуларга мактоо баракчалары тапшырылып, демѳѳрчүлѳр тарабынан уюштурулган стипендиялар берилди.
Айыл ѳкмѳт башчысы Советбек Дженалиев “Акбакай” Жамааттык мультимедиа борборунун тренерлери жана кабарчыларына сертификат, дипломдорду тапшырды. Ошондой эле 1- смартфондун сынагынын жеӊүүчүлѳрү салтанаттуу түрдѳ смартфондорун колдоруна алышты.
Акыркы конгуроо 11- класстар үчүн жаӊыргандыктан бүтүрүүчүлѳрдүн толкундоолору, жакшы кѳз ирмемдери жана келечекке койгон максаттары менен теӊ бѳлүштүк.
Бүтүрүүчү класстын окуучусу Мунара Бакытбек кызы келечекте мугалим болгусу келгендигин айтат:
“ Бүгүнкү “ Акыркы конгуроо” аземи жакшы ѳттү, жылдагыга салыштырмалуу дагы жакшы болду окшойт. Бардыгы эле күбѳ болушту, ошондой эле бизге бүтүрүүчүлѳргѳ абдан эле кайгылуу күн дагы болду десек болот, себеби дегенде, акыркы мүнѳттѳрүбүз, эӊ акыркы секунддарыбыз болду. Негизи мен мугалимдик кесипти тандадым , ѳзүмѳ кичинекейимден бери эле мугалимдик кесип жагат, негедир кичинекей балдар менен аралашып, аларга тарбия берген жагат”- деп кубанычтуу кѳз ирмемдери менен бѳлүштү 11- класстын окуучусу.
Бүтүрүүчүлѳрдүн класс жетекчиси Нуржамал Казакбаева “Акыркы конгуроо” аземинин жүрүшү тууралуу тѳмѳндѳгүлѳргѳ токтолду:
“ Бүгүнкү “ Акыркы конгуроо” аземи бүтүрүүчүлѳр үчүн болду, аябай жакшы ѳттү. Бир жагынан кубансак, бир жагынан балдарыбызга ичибиз ачышып отурабыз. Бүтүрүүчүлѳрүбүзгѳ ак жол каалайбыз, келечеги кенен болсун, жолу шыдыр, жолдошу кыдыр болсун”.
11- класстын окуучусу Кубат Бакытбек уулу ѳз ою менен бѳлүштү:
“ Бүгүнкү күн жакшы маанайда ѳтүп жатат, аябай толкунданып жатабыз мектепти бүтүп, кетип жатканыбызга. 11 жыл кантип ѳтүп кеткени билинбей калды, кечээ эле мотурайып ушул мектепке 1- класска келдик элек, эми минтип бүтүп кетип жатабыз. Аябай толкундануу болуп жатат”- дейт бүтүрүүчү класстын окуучусу.
11- класс окуучунун апасы Салима Бакирова тѳмѳндѳгү жакшы тилектерин айтып ѳттү:
“ Менин балам быйылкы бүтүрүүчү класстын окуучусу. Балдарга ден- соолук, келечекте жакшы кесиптин ээлери болушсун, элин- жерин коргогон жакшы уул- кыздардан болушсун”- деген тилектерин айтты Бакирова.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн