“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Айыл өкмөт имаратын оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

15 Июнь 2016 жыл 12:48
Көрүүлөрдүн саны: 46

Терек- Суу  айылында жайгашкан Кетмен- Дөбө айыл өкмөттүк имаратын оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Буга чейин имараттын ичинде жайгашкан жыйындар залы оңдолуп бүткөн.

20160615_112931

Айыл өкмөт башчысы  Советбек Дженалиев бул оңдоо иштери эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата  жасалып жаткандыгын айтат:

“Айыл өкмөттүн оңдоо иштери тууралуу айта кетсем быйыл эгемендүүлүктүн  жылына карата, азыр бардык мекеме жетекчилеринде, бардык мекемелерди оңдоо  даярдыктары көрүлүп жатат. Анын ичнде биздин айыл өкмөттүн административдик  имаратын  оңдоо  каражатына бюджеттен  221800 сом бөлүнгөн, ошол акчага азыр оңдоо иштери жүрүп жатат. Жыйындар залынын оңдоо иштери бүттү, азыр биринчи жана экинчи этажда оңдоо иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштери дагы уланат, кудай кааласа июлдун 15 теринде оңдоо иштери толугу менен бүтөт”- , деди айыл өкмөт башчы.

20160615_112604

Айыл башчы Тилек Назарбеков оңдоо иштери башталганча көп эле ыңгайсыздыктар болгондугун айтат:

“ Мындан мурун айыл өкмөттө көп эле ыңгайсыздыктар болуп жаткан, азыр оңдолуп жатат. Айыл өкмөттүн ичинде бардыгы ондолуп жатат. Оңдоо иштери дагы уланат деп жатабыз, сырдап бүткөндөн кийин, дагы сыртта жана крышада анча- мынча мучүлүштүктөр бар, алар дагы оңдолот”-  деп билдирди Тилек Назарбеков.

20160615_113155

Соц. адис Уларкан  Ботоканова мурда айыл өкмөт имаратында ремонт болбогондугун жана оңдоо иштери дагы уланарын  кошумчалай кетти.

20160615_112812

Айыл өкмөт имараты оңдолуп жаткандыгына байланыштуу мекеме кызматкерлери иш мөөнөтүн жыйындар залында өткөрүп жатышат.

20160615_115104

20160615_112942

20160615_113015

      Ajyl-okmot-imaratynyn-ondoo-ishteri

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка