Терек-Суу айылынын тургундарынан « Айылдын көптөн бери чечилбей келген маселеси?» тууралуу сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, көпчүлүгү жол маселесин айтышкан. Бул тууралуу Кетмен- Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Советбек Дженалиевге кайрылып, төмөнкүдөй жоопторду алдык.
Айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө көпчүлүгү жол маселеси көйгөй жаратууда дешти. Бул тууралуу оюӊузду айтсаӊыз?
— Жол маселеси абдан көйгөйлүү маселелердин бири. Анткени шаар аралык жолдор, айтсак, Токтогул- Беш- Тал авто жолу республикалык бюджеттен каржыланат. Ошого байланыштуу бул маселени тийиштүү органдар транспорт жана коммуникация министрлиги тейлейт. 2014- жылы 7 км авто жолу асфальтталды, 2015- жылы 2 км жолго асфальт төшөлдү. Ал эми 2016- жылы 1 км авто жолду асфальттоо пландалууда. Жакында ишке ашат деп бизге министрликтен кабарлады.
Жолду оӊдоо боюнча иш- чаралар жүргүзүлүп жатабы?
— Ал эми айыл ичиндеги муниципалдык жолдор жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Буга чейин жергиликтүү бюджеттин тартышсыздыгынан айыл ичиндеги жолдор оӊдолгон эмес. Быйыл бюджеттен 131000 сом акча каражаты каралып, Чоӊ- Арык- Терек- Суу- Кырк- Казык жана Чоӊ- Арык- Сары- Булак жолдору кум, шагыл төгүлүп, тегизделип, оӊдолуп жатат.
Даярдаган: Луиза Айтымбетова