Токтогул районунун Терек- Суу айылында жайгашкан № 12 Курама уулу Турусбек мектебинде 11- класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи болуп өттү.
Мектеп окуу бөлүмүнүн башчысы Кенжекан Аматбекова аттестатты салтанаттуу түрдө тапшыруу министрликтин жобосу экендигин айтат:
« Жалпы 134 окуучу бүтүрдү, анын 56 сы 11- класстар. Мамлекеттик экзаменди жыйынтыктоодо, билим берүү министрлигинде бекитилгендей эле, атайын дайындалган сабактардан экзамендер тапшырылды. 9- 11- класстар милдеттүү түрдө тапшыра турган 4 сабактан экзамен болду. Ар бир окуучу өзүнүн аракети менен, өзүнүн билим деӊгээлине жараша бааланды. Аттестат, күбөлүктөрдү салтанаттуу түрдө тапшыруу, бул министрликтин жобосуна ылайык. Турусбек орто мектебинде быйылкы 11- класстардан 20 окуучу ЖРТге тапшырды, анын ичинде 8 окуучу 110дон ашык балл алды, эӊ алдыӊкы балл 163 болду», — деп билдирди окуу бөлүмүнүн башчысы.
11- Б классынын класс жетекчиси Нуржамал Казакбаева классында 12 окуучу ЖРТге тапшырып, алардын 6 сы жакшы жыйынтык көргөзгөндүгүн айтат:
« 2015- 2016- окуу жылында 56 окуучу бүтүрүп жатат. Менин классымда 27 окуучу бар, анын ичине 12 си ЖРТге тапшырды, 6 окуучум эӊ жакшы жыйынтык көргөздү, калгандары деле жаман болгон жок»-, деп кошумчалады 11-Б классынын класс жетекчиси.
Турусбек мектебинде ЖРТден эӊ алдыӊкы орунду алган 11- Б классынын бүтүрүүчүсү Мунара Бакытбек кызы төмөнкүлөргө токтолду:
« Абдан жакшы эле болуп жатат. Бирок, ыйлап, аябай кайгырып дагы жатабыз. Мектептин босогосун аттап кетип жатканыбыз, бул эӊ эле өкүнүчтүүсү деп ойлойм. Менин келечектеги кесибим- мугалим. ЖРТден 163 балл алдым».
11- класстын алдыӊкы окуучуларынын бири Эркеайым Олжобай кызы келечекте дарыгер болгусу келгендигин айтат:
« Мен өзүм дарыгер болгум келчи. Негизги тесттен 155 балл алдым, ал эми кошумча сабактардан химиядан 79, биологиядан 90 балл алдым»,- дейт бүтүрүүчү.
Ошондой эле аттестат тапшыруу аземине бүтүрүүчүлөрдүн ата- энелери катышты.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн